Кытай дарыгерлери кыргыз кесиптештери менен тажрыйбаларын бөлүшүүнү улантууда
Сүрөт интернеттен алынды
Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ жергиликтүү дарыгерлерди окутуу иштерин улантышууда. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Басма сөз кызматы билдирди.
Лекция, семинарлар аралыкта өтүлүүдө, мындан сырткары сабактар ютуб каналы аркылуу түз алып көрсөтүлүп жатат. Күн сайын бир нече саат аралыктан лекциялар өтүлүп, анда жугуштуу илдетке чалдыккандарды дарылоо ыкмалары, алдын-алуу жана айыгып чыккан бейтаптар менен иштөө эрежелери үйрөтүлүп жатат.
Кыргыз мамлекеттик Медициналык кайра даярдоо жана адистикти жогорулатуу институтунун ректору Рустам Курманов дагы кытай кесиптештери менен болуп жаткан кызматташуу жаатында маалымат берип өттү.
Ал: “Алты күн ичинде биздин кытайлык кесиптештер коронавирус менен кантип күрөшүү керектигин, дартка чалдыккандарды кантип аныктоонун жолдорун түшүндүрүп бергенге аракет кылышууда.
Муну менен катар эле, инфекциянын өзгөчөлүгү, био коопсуздук маселелери козголуп жатат. Мисалы, бүгүн дарыгерлер ПЦР анализ жана томография аркылуу жугуштуу вирусту аныктоонун жолдору боюнча маалымат беришүүдө”, - деди.
Кытай дарыгерлери өз тажрыйбалары менен бөлүшүүдөн сырткары жергиликтүү дарыгерлердин жумушуна дагы көз салышууда. Биздин медицина кызматкерлеринин бул багытта жүргүзүп жаткан иш-аракеттерине оң деген бааларын беришүүдө.
Кытайдан келген медициналык эксперттик топтун жетекчиси: “Биз Кыргызстанга кесиптештерибизге жардам берүү үчүн келдик. Бардыгыбыздын максатыбыз бир, бул - жугуштуу илдеттин жайылышын алдын-алуу.
Кытайда иштеп жүргөндө аталган дарт менен күрөшүүдө бир нече эффективдүү ыкмаларды иштеп чыкканбыз. Учурда, бизде жана башка мамлекеттерде дарылоону ийгиликтүү жүргүздүк. Азыр мына кыргыз кесиптештерибиз менен иштешип жатабыз. Жеке гана бейтаптарды дарылоону гана эмес, айыгып чыккандар менен иштөөнү дагы окутуп жатабыз.
Мындан ары дарыгерлердин өзүн-өзү коргоосу боюнча сабактар өтүлөт. Баарыбыз бирге болсок гана бул оорууну жеңебиз”, -деп белгиледи.
последние
Рекомендация
- 1Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 83 жаран кармалды
- 2Республика боюнча 17-апрелге карата коменданттык саат учурунда 74 жаран кармалды
- 325-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 9 жаӊы учуру катталды - жалпы 665
- 4Игорь Шестаков: Торгово-экономическое взаимодействие с Китаем носит стратегический характер
- 5Китайские медики прибудут в Кыргызстан 20 апреля