WeChat      Избранное

Учурдагы кырдаалга байланыштуу коммуналдык кызматтар 3 айга чейин өчүрүлбөйт, эч кандай туумдар кошулбайт

08/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Учурдагы кырдаалга байланыштуу коммуналдык кызматтар 3 айга чейин өчүрүлбөйт, эч кандай туумдар кошулбайт

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 8-апрель күнү Республикалык штабдын пресс-борборунда КРдин биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун төрагасы Каныбек Айдаров  өлкөдөгү кырдаал, Республикалык штабдын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалымат беришти.  

Кубатбек Боронов: “Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү боюнча 1 млн 362 миң 934 адам коронавирус оорусуна чалдыккан. Мунун ичинен 76 миң 367 адам каза болду. Бул көрсөткүчтөр бир жуманын ичинде эле 3 эсеге өстү. Эң коркунучтуу кабар катары буга чейин Италиядагы статистикаларды айтылып жатса, учурда эң жаман сан катары Америкада бир сутканын ичинде 1736 адамдын каза болгону айтылды”,-деп билдирди. 

Биринчи вице-премьер-министр калктын аярлуу катмарын камсыз кылуу максатында көрсөтүлүп жаткан жардамдарды координациялоо үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында счет ачылгандыгын айтып, ага акчалай каражат түрүндө 6 млн 484 миң сом түшкөндүгүн белгиледи. Муну менен эле катар, коронавируска каршы күрөшүү максатында Каржы министрлигинин астында атайын депозиттик счет ачылып, ага 8-апрелге карата жалпысынан 103 млн сом келип түшкөндүгүн кабарлады. 

Кубатбек Боронов: “Азыркы тапта, жалпысынан 20-марттан тартып бүгүнкү күнгө чейин чартердик рейстер аркылуу сырттан 4769 адам мекенине алынып келинди. 11-апрелде Кыргызстандан россиялык жарандарды алып чыгып кетүү үчүн атайын рейс мерчемделген. Учурдан пайдаланып, Новосибирсктен биздин мекендештердин биринчи бөлүгү дагы өз мекенине кайтарылмакчы. Бизде тышта жүргөн бардык жарандарыбыз боюнча так маалыматтарыбыз бар, элчиликтер катуу иштеп жатышат. Ошондуктан азырынча келбей, эпидемиянын курч мезгили өтүп кеткенче карантинде туруп туруу керек. Аэропорттор иштегенче баарыңыздарды сабырдуулукка чакырам. Бирок, келем деген жарандарыбызды мамлекетке кайтарып келүүгө болгон аракеттерди көрүп жатабыз.

Эл арасында коммуналдык кызматтарды төлөө боюнча дагы көп көйгөйлөр болууда. Ошондуктан, биз коммуналдык кызматтардын баарын 3 айга өчүрбөө жагын карадык. Бул учурга эч кандай туумдар кошулбайт”,-деп билдирди.

Буга кошумча Өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып ооруга чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөөрү айтылып, эгерде каза болуп калса, алардын үй-бүлөсүнө 1 млн сом акчалай компенсация берүү жагы чечилгендиги тууралуу дагы маалымат берип өттү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)