WeChat      Избранное

2020-жылдын 12-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 38 жаӊы учуру катталды

12/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 12-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 38 жаӊы учуру катталды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 12-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Мадамин Мусаевич: “2020-жылдын 12-апрелине карата 38 жаӊы учурдун ичинен Бишкек ш.  – 5, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Ысык-Көл – 2, Нарын облусунда – 13. Жаӊы 38 учурдун ичинен 25 аял, 13 эркек. 

Азыркы тапта, Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен жалпы тастыкталган 377 учур катталды. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 119, Ош ш. – 54, Чүй облусунда – 21, Баткен облусунда – 4, Бишкек ш. – 59, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 25, Ысык-Көл облусунда – 6. 

Ал эми, өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, учурда инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 63 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 – Нарын облусунда, 6 – Ош шаарында катталды. Айыгып чыккан бейтаптардын жалпы саны 54 болду”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, азыркы тапта COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6537 экендиги белгилүү болду. Жакын байланыштар (1-категория) – 1178, башка байланыштар (2-категория) – 5359 экендиги дагы айтылды. 

Азыркы тапта, стационарда жайгашкан бейтаптардын жалпы саны – 318ди түзөт. Алардын ичинен 11 бейтап оор абалда, 6 адам реанимацияда.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)