Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды
Сүрөт интернеттен алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-апрелде, «Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Жарлыкка ылайык, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын, Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарында өзгөчө абал 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылууда.
Аталган Жарлык кол коюлгандан тарта күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине бекитүү үчүн жиберилет.
Эске сала кетсек, 14-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 11 жаңы учур катталып, ооруга чалдыккандардын саны 430га жетти. Илдеттен 71 адам айыкса, вирус жуктурган 5 адам көз жумду.
последние
● Нарын шаары жана Ат-Башы районунун аймагына Өзгөчө абал режими киргизилди
● Өлкөнүн айрым шаарлары менен райондорунда өзгөчө абал режими 2020-жылдын 30-апрелине чейин узартылды
● Ислам Тойтонов: Зараженных коронавирусом, но не желающих лечиться полно
● 2020-жылдын 14-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 11 жаӊы учуру катталды-жалпы 430
Рекомендация
- 1Департамент лекарственного обеспечения КР дал разъяснение по ценам на маски
- 2Жылдын жыйынтыгында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөөсү 30 млрд сомдон ашып кетүүсү мүмкүн
- 3Вместе будем бороться с эпидемией. Китайские предприятия в Кыргызстане предпринимают меры
- 4Министр здравоохранения сообщил о трех новых случаях коронавируса
- 5Сегодня в южную столицу отбыла группа специалистов инфекционного контроля для расследования случаев группового инфицирования медработников