WeChat      Избранное

​ Жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну кошумча билим булагы катары киргизүү пландалууда

27/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

​  Жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну кошумча билим булагы катары киргизүү пландалууда

Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен кезектеги онлайн конференциясын өткөрдү. Жыйында дистанттык окутуунун жүрүшү тууралуу сөз болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Министр дистанттык окутуунун алгачкы жумасында мугалимдер жана окуучулар жаңы форматта биргелешип иштөөнү өздөштүрүшсө, кийинки жумаларда мугалимдер инновациялык тажрыйбаларды үйрөнүшүп, ар бир педагог чыгармачылык менен изденип, дистанттык билим берүү процессин жакшы жолго коюп баратышкандыгын белгиледи.

“Мугалимдерибиздин эмгегин баалап, азыр баары ыраазычылыгын айтып жатышат. Мектеп мугалимдеринин өз ишине так, эмгеги ак экендигин коомчулук сезип жатат. Педагогдорубуздун жоопкерчиликтүүлүгүнөн, күнү-түнү иштеген мээнеткечтигинен коомдо кадыр баркы жогорулап баратат.  Дистанттык окутуу – мугалим, окуучулар менен бирге көпчүлүк ата-энелердин да санариптик сабаттуулугун арттыра баштады. Бул жакшы көрүнүш. Азыр биз башыбыздан өткөрүп жаткан билим берүү процессин терең анализдеп, алгылыктуу жактарын алып, кемчиликтерин түздөп, алдыга кадам шилтешибиз керек”,-деди Исаков.

Муну менен катар эле, министр жаңы окуу жылынан тарта дистанттык окутууну окуучуларга кошумча билим булагы катары киргизүүнү пландап жатышкандыгын айтты. Анда каалаган окуучулар үчүн мектептеги сабагынан кийин, ар бир багыт боюнча видео сабактарды көрүүгө, билим берүү порталдарындагы окуу материалдары менен таанышууга мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы.

“ЖРТга, PISAга даярдоо боюнча мугалимдер жана окуучулар үчүн онлайн сабактарды сунуш кылабыз. Көп тилдүүлүк боюнча, IT технология боюнча жана түрдүү предметтер боюнча тереңдетип үйрөтүүчү онлайн-курстарды иштеп чыгабыз деген максатыбыз бар” – деп кошумчалады.

Муну менен эле катар, министр телевизор, телефонго муктаж үй-бүлөлөрдүн маселеси жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөрдүн жардамы менен мүмкүнчүлүккө жараша чечилип жаткандыгын, бул боюнча жумуштар улана берерин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ушуну менен төртүнчү ирет шаардык жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн конференция өткөрдү.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)