WeChat      Избранное

Кытай дарыгерлери Кыргызстандагы иш сапарын жыйынтыкташты

27/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай дарыгерлери Кыргызстандагы иш сапарын жыйынтыкташты

Сүрөт интернеттен алынды

27-апрель күнү Кытай Эл Республикасынан келген эксперттик топ Кыргызстандагы иш сапарын жыйынтыктады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда маалымдады. 

Анын айтымында, Кытай дарыгерлери кыргызстандык кесиптештеринин деңгээлине жогорку баа беришкен. 

Нурболот Толошевич: “Коңшу мамлекеттен келген эксперттик топ учурдагы кырдаалда жакшы шарттар түзүлүп, алгылыктуу иштер жасалып жатканына токтолушту. Биздин дарыгерлердин деңгээли жогору экенин өзгөчө белгилешти. 

Мындан сырткары, лабораториялык шарттарды дагы көрүп, анда эл аралык стандартка ылайык иш алып барып жатканыбызды айтышты. Өзүлөрүнүн тажрыйбасына таянып Кыргызстанда дагы карантин шарттарын катуураак кармоону сунушташты. 

Муну менен эле катар, адистер өлкөдөгү дезинфекциялоо иштери туура экенин айтып, ал дагы жакшы натыйжа берерин белгилешти”, - деп маалымат берди.  

Мындан сырткары, аталган эксперттик топтун мүчөлөрү Кыргызстанга өз тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн дагы келүүгө даяр экендиктери да белгилүү болду. 

Эске сала кетсек, бул дарыгерлер тобу Кытайдан 20-апрелде келишкен. Келген күндөн тарта алар Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун иши менен жакындан таанышышып, лаборатордук изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча өз билими  жана тажрыйбалары менен бөлүшүп, аралыктан лекция-семинарларды өтө башташкан. 

Муну менен катар эле, жакын байланышта болгон жактарды аныктоо,  изоляциялоо алгоритми,  эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн Кытайда колдонулган  ыкмалары менен жергиликтүү кесиптештерин жакындан тааныштырышкан. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)