WeChat      Избранное

Кыргыз-кытай достугу -“Алибаба” жана “Джек Ма” фонддору жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды түзгөн жардам көрсөттү

10/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз-кытай достугу -“Алибаба” жана “Джек Ма” фонддору жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды түзгөн жардам көрсөттү

Сүрөт интернеттен алынды

Кытайдын бирден-бир ири компаниясы болгон “Алибаба” (AliExpress интернет магазининин ээси)  жана “Алибабанын” негиздөөчүсү Джек Манын кайрымдуулук фонддору Кыргызстанга COVID-19 инфекциясына каршы күрөшүүгө гуманитардык жардам беришти. Бул тууралуу КРдин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы балдирди. 

Кыргызстан тарап 2020-жылдын 10-апрель күнү Эл аралык “Манас” аэропорту Кытай Эл Республикасынан чартердик жүк каттамы менен келген гуманитардык жүктү тосуп алышты.

Бул жардам “Алибаба” жана “Джек Ма” фонддору тарабынан жалпы суммасы 1 млн 800 миң юанды (255 миң $ ашык) түзгөн коргоочу костюмдар, беткаптар, термометрлер өңдүү каражаттар тибинде келди. 

Мындан тышкары, жакынкы аралыкта өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар жана экспресс-тесттердин келиши күтүлүүдө.

Жардам көрсөтүүлөр КР Тышкы иштер министрлигинин, Кытайдагы кыргыз элчилигинин жана ШКУ Катчылыгынын өз ара аракеттешүүсүнүн негизинде “Алибаба” жана “Джек Ма” фонддору аркылуу жүргүзүлдү.

КРдин Тышкы иштер министрлиги аталган фонддорго жана белгилүү ишкер Джек Ма мырзага  Кыргызстанга COVID-19 вирусу менен болгон күрөштө колдоо көрсөтүп, жардам бергендиктери үчүн терең ыраазычылыгын билдирет. 

Эске сала кетсек, 10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жеткендиги белгилүү болду. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 98, Чүй облусунда – 15,  Баткен облусунда – 4, Ош ш. – 36, Бишкек ш. – 42, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 4.

Катталган учурлардын ичинен: 154 –аял, 144 – эркек, жаӊы 18 учурдун ичинен 7 аял, 11 эркек.  Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)