WeChat      Избранное

«Алтынкен» ЖЧКсы COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

12/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

«Алтынкен» ЖЧКсы COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн Кыргызстанга гуманитардык жардам берди

Сүрөт интернеттен алынды

12-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине  COVID-19 инфекциясы менен күрөшүү үчүн «Алтынкен» ЖЧК алтын кен иштетүүчү ишканасынан гуманитардык жардам тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Гуманитардык жардамды тапшыруу аземине Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, «Алтынкен» ЖЧКсынын жана «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилиги катышышты. 

Гуманитардык жардам иретинде 5000 даана медициналык көз айнек, 25 000 жуп кол кап, 10 000 комплект коргонуу кийимдери, 100 даана портативдик термометр, 50 даана портативдик тепловизор берилди.

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кытай Эл Республикасынын достош элине жана «Алтынкен» ЖЧК жетекчилигине республикада жайылган коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүгө көрсөткөн баа жеткис жардамы үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан ыраазычылык билдирди.

«Бүгүнкү күнү Кыргызстандын саламаттык сактоо системасы өздүк коргонуу каражаттарына муктаж, алар алдынкы катарда ооруга кабылган жарандардын жанында түздөн-түз жүрүшөт. 200 миң АКШ доллары суммасына Саламаттык сактоо министрлигине медициналык көз айнектер, кол каптар, коргонуу кийимдери, ошондой эле термометр жана тепловизор түрүндө көрсөтүлгөн жардам өз убагында болду. Биз терең ыраазычылык билдиребиз. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү «Алтынкен» ЖЧКсынын өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө кошкон активдүү салымын жогору баалайт», - деди вице-премьер-министр.

Ал эми, элчи Ду Дэвэнь айымга гуманитардык жүктөрдү жеткирүү маселелерин чечүүдөгү жеке жана жигердүү катышуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасындагы Кытай Эл Республикасынын Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь өз кезегинде кытай тарап Кыргызстанга коронавирус инфекциясы менен биргелешип күрөшүүдө көмөк жана колдоо көрсөтүп турарын белгиледи.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 8-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кытай Эл Республикасынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүк дагы өткөрүлүп берилген. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)