WeChat      Избранное

30-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 746

30/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:


30-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 746

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 30-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 17 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымына караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 746 адамга жетти.

Айнура Акматова: "Жаңы катталган учурдун ичинен Бишкек шаарында - 3, Ош шаарында - 1, Ош облусунда - 1, Жалал-Абад облусунда - 1, Чүй облусунда - 9 жана Нарын облусунда - 1 учур. 

Коронавирустан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 8, Нарын облусу – 6, Жалал-Абад облусу -1, Ош облусу – 4, Ысык-Көл облусу -1, Ош шаарында - 5 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны жалпы 462ге жетти.

Коронавирус жуктурган 8 адам каза болду. Учурда, ооруканада 275 бейтап дарыланууда. Бул илдетти жуктурган 12 адамдын абалы оор, анын ичинен 6 бейтап реанимацияда жатат. 44 бейтаптын абалы орточо оордукта. 220 адамдын абалы канааттандырарлык.

Бүгүнкү күнү, жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 195 учур катталды. Бир сутка ичинде Бишкек шаарында бир, Чүй облусунда эки жана Ош облусунда бир медкызматкер коронавирус жуктуруп алды. 

Азыркы тапта жалпы, 105 медкызматкер стационарлардан айыгып чыккан”,- деп маалымат берди. 

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 3 086 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).

Кыргызстан боюнча обсервацияда 864 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)