2020-жылдын 20-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 14 жаӊы учуру катталды - жалпы 568
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 20-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.
Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 14 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 4, Чүй облусу – 2, Ош ш. – 4, Жалал-Абад облусу – 3, Нарын облусунун Ат-Башы районунан– 1.
Тилекке каршы, бир сутка ичинде коронавирустан 2 адам каза болду. Чуй облусунан 70 жаштан ашкан аял киши, Ош шаарында болсо 79 жаштагы эркек киши. Экөөндө тең өнөкөт оорулары дагы болгон. Ушуну менен республикада жалпысынан COVID-19дан 7 адам каза болду.
Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 568 учур катталды: Жалал-Абад облусу – 105, Ош облусу – 147, Ош ш. – 87, Чүй облусунда – 32, Бишкек ш. – 115, Баткен облусунда – 6, Нарын облусу – 68
Ысык-Көл облусунда – 8. Алардын ичинен 311 – аял киши, 257 – эркек киши.
Ал эми, бир сутка ичинде 6 медициналык кызматкер коронавирус илдетин жуктуруп алган. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 3, Ош шаарында – 1, Нарын облусунда – 1, Бишкек шаарында – 1 учур. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 140 учур катталды” – деп маалымат берди.
Муну менен эле катар, 19-апрель күнү Польшадан келген дарыгерлер тобу бейтаптарды дарылоо иштерине түздөн-түз катышып, кеп-кеңештерин берээри белгилүү болду. Ал эми, бүгүн 20-апрель күнү Кытай Эл Республикасынан келүүчү адистер тобу Кыргызстандын дарыгерлерине коронавирус илдетин дарылоо жаатында окутуу иштерин жүргүзөөрү айтылды.
“Бир сутка ичинде жалпысынан 68 бейтап ооруканадан айыгып чыкты: Бишкек ш. – 10, Нарын облусу – 1, Ош облусу – 42, Ош ш. – 7, Жалал-Абад облусу – 7, Баткен облусу – 1. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 201 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды” – деп белгиледи министрдин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
последние
Рекомендация
- 1Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 81 жаран кармалды
- 2Кыргызстандагы коронавируска байланышкан кырдаалга ылайык жакын арада мекенге авиакаттамдар болбойт
- 3Китайские медики прибудут в Кыргызстан 20 апреля
- 4Минздрав отменил свой приказ по оплате труда медработникам во время простоя в период эпидемиологической ситуации с COVID-19
- 5Почти 117 миллионов сомов поступили на счет борьбы с коронавирусом