Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү
Сүрөт интернеттен алынды
Саламаттык сактоо министрлиги Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
9- апрель күнү бир жолу колдонулуучу комбинезондордон, медициналык көз айнектен, бир жолку стерилдүү желим хирургиялык кол каптардан жана бахилалардан турган топтомдор, 200 комплекттен Ош шаарынын, Ноокат жана Сузак райондорунун, Жалал-Абад шаарынын жана Ала-Бука районунун ооруканаларында COVID-19 менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлерине берилди.
Ошондой эле, инфракызыл термометрлердин 300 даанасы Ош шаарына жана Ош облусуна, 200 даанасы Жалал-Абад облусуна жана 100 даанасы Баткен облусуна берилди.
Эске сала кетсек, 8-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинде Кытай Эл Республикасынан коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү үчүн алынып келинген гуманитардык жүктү өткөрүп берүү аземи болуп өткөн.
Аталган гуманитардык жардамдын ичине медициналык кызматкерлер үчүн жалпы суммасы 640 000 кытай юаны, же болжол менен 7 млн 690 миң сом эсептелген ПЧР-диагностикалоонун реагенттери, жеке коргонуу каражаттары (бир жолку комбинезондор, термометрлер, медициналык көз айнектер, кол каптар жана бахилалар) киргендигин айтылган.
10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жеткендиги белгилүү болду. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 98, Чүй облусунда – 15, Баткен облусунда – 4, Ош ш. – 36, Бишкек ш. – 42, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 4.
Катталган учурлардын ичинен: 154 –аял, 144 – эркек, жаӊы 18 учурдун ичинен 7 аял, 11 эркек. Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган.
последние
Рекомендация
- 1Десять новых реанимаций будут открыты в больницах на средства Всемирного банка
- 2Кубатбек Боронов: У государства хватит средств для борьбы с коронавирусом
- 3Профессор Сооронбаев: Каждый заболевший получает самое лучшее, что у нас есть на сегодняшний день
- 4Глава Минздрава просит выздоровевших людей не распространять недостоверную информацию
- 5В Кыргызстане вчера был создан Научно-консультативный экспертный совет МЗ КР по коронавирусной инфекции COVID-19