Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 83 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 22-апрелине карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 83 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 83 жаран жеткирилип, 5 автоунаа атайын жайларга токтотулду.
Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча – 59, Жалал-Абад шаары боюнча – 7, Ош шаары боюнча-7, Нарын шаары-2, Ат-Башы району боюнча -3, Сузак району боюнча-5. Ал эми, Ноокат жана Кара-Суу райондорунда тартип бузуулар катталган жок.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3167 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
Рекомендация
- 1Международная организация миграции помогла кыргызстанцам, не имеющим возможности возвратиться на родину
- 2Вместе дадим отпор эпидемии: Как города-побратимы помогали нам
- 3Минздрав получил от ОсОО «Чайна Петроль Компани Джунда» помощь на 2,5 миллиона сомов
- 4Кризисной экономике Кыргызстана необходим антикризисный план на длительный срок
- 5КЭР Төрагасы Си Цзиньпин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи