WeChat      Избранное

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган эсепке 15 млн 100 миң сом келип түштү

21/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында ачылган эсепке  15 млн 100 миң сом келип түштү

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова Республикалык штабдын пресс борборунда коронавируска каршы жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат берди. 

Аида Исмаилова: “Март айына медициналык кызматкерлерге негизги айлык акысы толук кандуу көлөмдө төлөндү. Атайын депозиттик эсепке түшкөн 129 млн сомдон марттын 11 күнү үчүн медиктерге кошумча төлөм үчүн 38 млн сом которулду. Алардын ичинен 20-апрелге карата 4598 медкызматкер 28 млн сом суммасына кошумча төлөмдөр берилди. Ошондой эле апрелде кошумча төлөмгө 132 млн сом бөлүү пландалып жатат, бул сумманы комиссия дагы карайт. 

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы аз камсыз болгон жарандарга колдоо көрсөтүү максатында ачылган атайын эсепке 15 млн 100 миң сом келип түштү. Бул каражатты максаттуу бөлүштүрүү боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Муну менен эле катар, 1227 кыска номери аркылуу жарандарыбыздын кайрылууларын дагы кабыл алып жатабыз”, - деп баса белгиледи. 

Вице-премьер-министрдин айтуусунда гуманитардык жардамдарды жеткирүүгө көмөк көрсөтүп жаткан ыктыярчылар менен жолугушуулар дагы болуп өттү.

“Учурдан пайдаланып калктын аярлуу катмарына гуманитардык жардамды жеткирүүгө активдүү катышып жаткан ыктыярчыларга өзгөчө ыраазычылык билдирем. Кечээ жакында алар менен жолугуп, уюштурулуп жаткан иштер боюнча талкуу жүргүздүк. Кандай көйгөйлөр бар экендигин угуп, азыркы учурда ошол боюнча иштерди алып барып жатабыз. Мындан ары дагы ыктыярчылар менен жолугушуулар болуп турат”, - деп кошумчалады ал.

Гуманитардык кызматташуунун алкагында Кыргызстанга Кытай жана Польшадан атайын медициналык кызматкерлер келгендиги белгилүү болду.

“Кытайдан 10 адам келди. Алардын алтоо дарыгер, үчөө орто медперсонал жана бирөө миссиянын башчысы. Ал эми Польшадан 11 адам келди, алардын тогузу дарыгер, экөө котормочу. Кытайдан келген дарыгерлер негизинен Бишкек шаарындагы ооруканаларда, лабораторияларда болушуп, медицина кызматкерлерине ар кандай окутуу иштерин жүргүзүү максатын көздөшөт. Муну менен эле катар, алар аймактагы медкызматкерлерге онлайн байланыш аркылуу кеп-кеңештерин дагы беришмекчи”, - деп билдирди Аида Исмаилова. 

Вице-премьер-министр белгилегендей, атайын ачылган эсепке түшкөн каражаттарды ачык жана натыйжалуу бөлүштүрүү максатында премьер-министрдин буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)