WeChat      Избранное

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 110 жаран кармалды

30/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 110 жаран кармалды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 30-апрелине карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 110 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады. 

Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде, тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 110 жаран жеткирилди.

Алардын ичинен: Бишкек шаары– 82, Ош шаары -13, Жалал-Абад шаары-2, Сузак району-8, Нарын шаары-4, Ат-Башы району-1.

Ал эми Кара-Суу жана Ноокат райондорунда коменданттык сааттын эрежелерин бузуу боюнча тартип бузуулар катталган жок. 

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3837 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди. 

Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 325 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)