WeChat      Избранное

2020-жылдын 11-апрелине карата COVID-19 вирусу катталган 41 жаӊы учур тастыкталды

11/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 11-апрелине карата COVID-19 вирусу катталган 41 жаӊы учур тастыкталды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 11-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Мадамин Мусаевич: “СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учурунун ичинен Бишкек ш. – 12, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 18, Ош ш. – 6, Нарын облусунда – 2 учур катталды. 

Кыргызстанда жалпы 339 учур тастыкталды. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 116, Чүй облусунда – 18, Баткен облусунда – 4, Ош ш. – 42, Бишкек ш. – 54, Нарын облусунда – 12, Ысык-Көл облусунда – 4. Ал эми, жакшы болуп чыккандардын жалпы саны 44 болду. Бир сутканын ичинде оорукананын ичинен 5 киши чыгарылды. Учурда, жалпы республика боюнча СOVID-19 вирусу менен катталгандардын ичинен 176сы аял, 163ү эркек. 

Өткөн суткада 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 51 учур. Жаӊы учурлардын ичинен Бишкек шаарында 8 медкызматкер, Нарында – 1,  Ош шаарында 3 учур катталды.

Азыркы тапта, стационарда жаткандардын саны 290. Алардын ичинен бешөө оор абалда, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Жалпы 23870 анализ алынды. Анын ичинен 22471инин анализи чыккан. Бир күндө 1415 анализ чыкты. Алар менен байланышта болгондордун саны 6251ди түздү. Анын биринчи категориясы 1070, экинчи категориясы 5181ди түзүп жатат”, - деп маалымат берди.

Ал эми, "Джек Ма” фондунан жана “Алибаба” компаниясынан келген гуманитардык жардам карантиндик чөлкөмдөгү көбүрөөк муктаждыктар бар болгон жайларга бөлүштүрүлөөрү  айтылды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)