WeChat      Избранное

Жөлөкпулдар өз убагында толук кандуу төлөнүп берилет

07/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Жөлөкпулдар өз убагында толук кандуу төлөнүп берилет

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча өлкөдө жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Бул тууралуу КРдин Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кочкоров Улукбек Тойчубаевич республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Улукбек Тойчубаевич: “Кыргызстанда 2020-жылдын 1-мартына карата өлкөдө 425 миң 800 жаран мамлекеттик жөлөкпулдарды алышат. Анын ичинен 96 миң аз камсыз болгон үй-бүлөдөн 309 миӊ 437 балага “үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпулу төлөнөт. Учурда аталган жөлөкпулдун орточо өлчөмү 870 сомду түзөт”, - деп маалымат берди. 

Анын айтымында, ай сайын социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын саны 93 546 адам болсо, анын орточо өлчөмү 3009 сомду түзөт. Балага сүйүнчү жыл башынан тартып 22,9 миң адамга төлөнгөн. Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча жалпы жумушсуздардын саны 156 миӊ 300 адам. Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 адам, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ адам. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 адам, өлчөмү 300 сом. 

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри: “Мамлекеттик жөлөкпулдар, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялар, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды баккан жеке ассистенттердин айлык акылары, багып алуучу үй-бүлөлөргө жана убактылуу үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдарга берилүүчү каражаттар өз убагында толук кандуу төлөнөт”,-деп билдирди. 

Муну менен эле катар, “Жардам штабы” аркылуу республика боюнча 49 245 муктаж болгон жарандарды азык-түлүк менен камсыз болуп, аталган штабга 210 779 кайрылуу келип түшкөндүгү белгилүү болду. 

Министрдин айтымында, «1227» ыкчам байланыш номерине, WhatsApp аркылуу 0558 526001, «Народный штаб — Биз барбыз» Telegram-каналы, «Жардам берем» уюлдук тиркемеси, «Штаб помощи» Facebook баракчасы аркылуу кайрылган жарандарга азык-түлүктөрдү жеткиришүүдө. Азыркы тапта болсо, ар бир жардамга муктаж болгон адам 1227.tunduk.kg сайты аркылуу дагы кайрылса болот.    


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)