WeChat      Избранное

Эркин Асрандиев: “Жакынкы убакта “Эркештам” көзөмөл-өткөрмө пункту чектелген абалда болсо дагы акырындан өз ишмердүүлүгүн баштайт деп ойлойм”

07/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Эркин Асрандиев: “Жакынкы убакта “Эркештам” көзөмөл-өткөрмө пункту чектелген абалда болсо дагы акырындан өз ишмердүүлүгүн баштайт деп ойлойм”

Сүрөт интернеттен алынды

Кытай тарап менен жүк ташуучу унаалар үчүн чек араны ачуу иштери багытында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КРдин вице-премьер-министри Эркин Асрандиев республикалык штабдын пресс борборунда маалымдады. 

Эркин Шамшудинович: “Биз он чакты күндөн бери Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кечээ эле, түштүктө эки тараптуу видео-конференция болуп, бул багытта дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Ага биз тараптан чек ара кызматы, губернатордун биринчи орун басары, Транспорт жана жолдор министрлигинин өкүлү, бажы кызматынын өкүлү катышышты. Видео-конференцияда  “Эркештам” көзөмөл-өткөрмө пунктун ачуу боюнча маселе каралып, эки тарап биргелешип унаалардын жүрүүсү боюнча атайын өзгөчө алгоритмин иштеп чыгышты. Биз дагы өз сунушубузду киргиздик. Азыркы тапта, биз Кытай Эл Республикасы тарабынан жоопту күтүүдөбүз. Менин оюмча жакынкы убакта “Эркештам” өткөрүүчү пункту чектелген болсо дагы акырындан өз ишмердүүлүгүн баштайт деген ойдомун”,-деп маалымат берди.

Муну менен эле катар, вице-премьер-министр январдын аягында Экономика министрлиги Кытай чек арасы жабылгандан кийин жалпы дүйнөдө ушундай көрүнүштөр болуп жаткандыгына байланыштуу 2020-жылдын аягына чейин ал-абалды эсептеп чыгып, зарыл болгон планды даярдап баштаган. Бирок, Кыргызстанда дагы ушул илдет пайда болуп, мамлекет “Өзгөчө кырдаал” кээ бир аймактарга “Өзгөчө абал” киргизүүгө айласыз болгондугун билдирди. 

“Ошондуктан, башында эсептелген көрсөткүчтөрдү кайрадан өзгөртүп эсептөөгө туура келди. Азыркы учурда, Экономика министрлиги ушул иштин үстүнөн иштеп жатат. Өткөн жумада бул багытта кыскача планды бекиттик. Бүгүнкү күндө Өкмөт 2020-жылдын соӊуна чейин өлкөнүн экономикалык кырдаалын жакшыртуу боюнча чаралардын экинчи пакетин даярдоодо. Бул чаралар экономиканы жандандыруу жана кайра калыбына келтирүү үчүн кабыл алынат. Ошондой эле чаралардын үчүнчү пакетин дагы иштеп чыгуудабыз – бул келерки жылдарга карата стратегиялык план болот”,-деп билдирди Э. Асрандиев.  

Эркин Шамшудинович: “Өткөн аптада өлкөдө түзүлгөн бул оор кырдаалдан чыгуу боюнча кыска мөөнөттүү антикризистик план кабыл алынды. Ага төмөнкүдөй бир катар негизги маселелер кабыл алынды: азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, бизнес үчүн шарттарды жеӊилдетүү – салык чогултууларын жылдыруу, социалдык маселелер жана коммуналдык кызматтар. Мындан улам, 2020-жылдын октябрына чейин отчётторду тапшыруу жылдырылды. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы пайыздарды төлөөдөн 3 айга чейин убактылуу жылдыруу көрсөтүү боюнча күрөөканалардын жана коммерциялык банктардын ишин карап жатат. Мамфинкөзөмөл бул тууралуу кайрадан сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсүн карайбыз”,-деген маалыматы менен бөлүштү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)