WeChat      Избранное

23-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 19 жаӊы учуру катталды - жалпы 631

23/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

23-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 19 жаӊы учуру катталды - жалпы 631

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 23-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 19 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 19 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 8, Чүй облусу – 4, Ош ш. – 4, Ош облусу – 3. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруунун жалпы 631 учур катталды. Бир сутка ичинде 48 бейтап ооруканадан айыгып чыкты. Алар Бишкек ш. – 14, Нарын облусу – 2, Ош облусу – 7, Ош ш. – 25.

Стационарда – 321, алардын ичинен реанимацияда – 5. Азыркы тапта, ооруканадан жалпы 302 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы кечээ 53 жаштагы аял киши кайтыш болду. Бул илдеттен каза болгондордун саны 8ге жетти.

Бир сутка ичинде 5 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алар Ош облусунда – 1, Ош шаарында – 1, Бишкек шаарында – 3. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 162 учур катталды. Бүгүнкү күнгө карата 45 медкызматкер коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен: 16 дарыгер, 18 орто медперсонал, 8 кенже медперсонал жана 3 башка адис.

Изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 40 513. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны – 39 615. Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 2 125” - , деп маалымат берди.

Учурда, COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 8 842 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Жакын байланыштар (I категория) – 2 177, башка байланыштар (II категория) – 6 665. Кыргызстан боюнча обсервацияда 914 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)