WeChat      Избранное

ИИМ эскертет, жаш өспүрүмдөрдүн депрессияга чалдыгуусун алдын алуу боюнча маанилүү ролду – ата-энелер аткарышат

06/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

ИИМ эскертет, жаш өспүрүмдөрдүн депрессияга чалдыгуусун алдын алуу боюнча маанилүү ролду – ата-энелер аткарышат

Сүрөт интернеттен алынды

Акыркы убакта, Кыргызстанда жашы жете элек жаш өспүрүмдөр арасында өзүнө-өзү кол салуу учурлары кездешүүдө. 2020-жылдын 18-мартынан 29-март аралыгында эле, мектеп окуучулары инфекциялык ооруну жуктурбоо жана жайылтуу коркунучу болгондугуна байланыштуу өлкөдөгү мектептерде карантин жарыяланып, кезексиз каникулга чыгышкан учурда жаш өспүрүмдөр өзүнө кол салгандыгы жөнүндө 7 факт катталган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. 

Бардык фактылар кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда жашы жете эле жаш өспүрүмдөрдүн өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Карантин учурунда ата-энелерге балдарынын эмне менен алек болгондугун көзөмөлдөө жөнүндө бир нече жолу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүнө карабастан, ата-энелер тарабынан жетишээрлик деңгээлде көңүл бурулбай калган. Анын натыйжасында, 12 жаштан 16 жашка чейинки 7 жаш өспүрүм өмүрүнө кол салып, өзүн өзү өлтүргөн, алардын ичинен Тоң району - 2, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Ысык-Көл райондору боюнча бирден, Ысык-Ата району боюнча – 2. Талдоонун жыйынтыгында, жаш өспүрүмдөрдүн төртөө толук эмес үй-бүлөдөн, апасы же атасы жок, ал эми калгандары туугандарынын үйүндө жашаган, алардын бирөөсүнүн ата энеси чет мамлекетте иштеп жаткандыгы аныкталган. Жаш өспүрүмдөр үйүндө ата-энелери жана туугандары жок болгон учурда, күндүзгү маалда өзүнө-өзү кол салууга барышкан.

Белгилеп кетсек, өзүн өзү өлтүрүүнүн жалпы себеби социалдык-психологиялык дезатаптация болуп эсептелет, бул болсо психиканы жабыркатуучу курч кырдаалдын таасиринен келип чыгуучу,  жакынкы айлана-тегерегиндегилери менен карым-катнаштардын бузулушу. Бирок бул, көп учурларда жаш өспүрүмдөр жакын адамдары же ата-энелери менен мамилелери бузулушу болуп саналат.

ИИМ эскертет, жаш өспүрүмдөрдүн депрессияга чалдыгуусун алдын алуу боюнча маанилүү ролду – ата-энелер аткарышат. Жаш өспүрүмдө маанайынын төмөндөшү же башка депрессиялык абалдын белгилери байкалган учурда, токтоосуздан баланын бул абалдан чыгуусуна жардам берүү чаралары көрүңүздөр.

Суицид – өзү-өзү атайлап өлтүрүү, өзүнүн көйгөйлөрү чечилбей, ошол бойдон калса, ошол эле учурда жаш өспүрүм өзүнүн ойлору менен эч ким менен бөлүшпөй жүрсө, ошондой абал жаралат. Суицидди биздин жалпы күчүбуз менен жеңүүгө болот.

Ата-энелерге өзүн-өзү атайлап өлтүрүүгүн алдын алуу боюнча эскертме: Көбүнчө адамдар айлана-тегеректегилерин тигил же бул түрдө эскертишет. Ал эми, жаш өспүрүмдөр өзүнүн ойлорун жашырууну билишпейт. “Эч ким ушундай болоорун ойлогон эмес” – деген сөздөр, өспүрүмдүн жан дүйнөсүнүн чыңалышын жакындары кабыл алышкан эмес же түшүнүшкөн эместигин гана белгилейт.

Аталгандардан тышкары, жаш өспүрүмдөрдүн суицидке барышынын дагы бир нече себептери бар, анын ичинен 1-2 себебине өзгөчө көңүл буруу зарыл:

• жалгыз болууну самоо, жакын адамдарынна алыстоо;

• маанайынын бат-бат алмашуусу, сөздөргө бөтөнчө мамилеси, жай жана үзүл кесил сөздөр;

• буюмдар жана акчаларын кош көңүл менен коротуу, аларды таркатуу;

• иштерин тартипке келтирүүнү самоо, жыйынтыктарын чыгаруу, бардыгы үчүн кечирим суроо;

• өзүн өзү күнөөлө, же тескеринче – башкаларга көз каранды болушун таануу;

Бул жагдайлардан чыгуу жолдорун табууга аракет кылса болот. Ар дайым, “Эмне себептен” жана “Эмне максатта” жаш өспүрүмдүн жасаган аракеттерин тактап алуу зарыл. Жогорудагыдай жагдайга кабылганда Психолог адистерге кайрылуудан тартынбаңыздар.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)