WeChat      Избранное

2020-жылдын 9-апрелине карата коронавирусун жуктурган 10 жаӊы учуру катталды

09/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 9-апрелине карата коронавирусун жуктурган 10 жаӊы учуру катталды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 9-апрелине карата коронавирусун жуктурган 10 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Мадамин Мусаевич: “Жаңы катталган учурлар Бишкекте – 1, Ош облусу, Ноокат районунда – 1, Ош ш. – 3, Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 4, Аксы району – 1) – 5. Булардын ичинен 2 медицина кызматкеринде дагы  аныкталды, алар Ош шаарынын Аксы районунан.  Ошондо, Кыргызстанда тастыкталган жалпы 280 учур катталды. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 86, Ош облусунда – 98, Чүй облусунда – 7, Баткен облусунда – 4, Ош ш. – 36,Бишкек ш. – 36, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 3. Медицина кызматкерлери-34. 

Катталган учурлардын ичинен: 147 –аял, 133 – эркек, жаӊы 10 учурдун ичинен 3 аял, 7 эркек”-, деп маалымат берди. 

Жалпы бейтаптардын жаш курактары боюнча 30 учур-15 жашка чейинки балдар, анын ичинен экөө бир жашка чейинки наристелер. 16 жаштан 19 жашка чейинкилер-11, 20 жаштан 35ге чейин-71, 35 жаштан 55 жашка чейинкилер-101, 56дан өйдө жаштагылар-67 киши экендиги дагы айтылды. 

Эске сала кетсек, COVID-19 вирусу лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон адамдар – 6268 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал): Жакын байланыштар (I категория) – 1058, Башка байланыштар (II категория) – 5210.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)