WeChat      Избранное

Тиешелүү адистердин анализдеринин негизинде Ыкчам штаб ӨА, ӨК режим мөөнөтүн узартууну сунуштайт

13/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Тиешелүү адистердин анализдеринин негизинде Ыкчам штаб ӨА, ӨК режим мөөнөтүн узартууну сунуштайт

Сүрөт интернеттен алынды

Тиешелүү адистердин анализдеринин негизинде Ыкчам штаб ӨА, ӨК режим мөөнөтүн узартууну сунуштайт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри — Республикалык ыкчам штабдын жетекчиси Кубатбек Боронов республикалык штабдын пресс борборунда билдирди. 

Кубатбек Айылчиевич: “Кыргызстанда 13-апрелге карата коронавирус жуктурган 42 жаңы учур катталды. Азыркы тапта, коронавирус менен тастыкталгандардын жалпы саны 419га жетет. Алардын ичинен 67 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 5 адам каза болду. 

5-февралдан баштап бүгүнкү күнгө чейин алынып келген анализдердин жалпы саны 24 миң 885ти түздү. Учурда, ошол анализдердин бардыгынын жыйынтыктары толук кандуу чыгарылды. Жогоруда айткандай, анын ичинен бардыгы болуп 419 адамдан коронавирус дарты тастыкталды. 

Республикада бардыгы болуп 9 вирусологиялык лаборатория бар, анын ичинде үчөө – экспресс-диагностика жүргүзөт. Бир күндө 1400гө чейин анализдердин жыйынтыгын чыгарууга кубаттуулугу жетип жатат”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, ал: “Өзгөчө абал киргизилген аймактарда дагы анын башында айтылган мөөнөтү дагы аяктап бара жаткандыгына байланыштуу көптөгөн медициналык адистердин анализдери, алардын берген сунуштарынын негизинде штабдын чечими менен өлкөбүздүн президенти Жээнбеков Сооронбай Шариповичке Өзгөчө кырдаал, Өзгөчө абал режимин мындан ары дагы узартуу боюнча сунушубузду киргиздик.

Бизде азыр коронавирус оорусуна чалдыккандардын дагы эле жаңы учурлары чыгып жатат. Акыркы кабарлардан COVID-19 инфекциясына чалдыккандардын саны өсүп жатканын байкасак болот. Ошондой эле күн сайын коронавирусун жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны дагы көбөйүүдө. Буга байланыштуу, алар менен байланышта болгон жактарды аныктоо боюнча күчөтүлгөн иш жүрүп жатат. Бул жаатта толук кандуу дагы изилдеп, тактап чыгуу үчүн бизге дагы убакыт керек”, -деп билдирди. 

Брифинг учурунда, COVID-19 каршы күрөшүүгө жардам көрсөтүү жана чогултуу боюнча КР Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 13-апрелге карата 123 млн сомдон ашык, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине – 9 млн сомдон ашык жана Бишкек мэриясынын эсебине – 2,7 млн сомдон ашык акча-каражат түшкөндүгү белгилүү болду. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)