КЭР Төрагасы Си Цзиньпин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи
Сүрөт интернеттен алынды
Бүгүн, 14-апрелде Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.
Эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк агымдарын жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын пандемиянын жайылышын болтурбоо боюнча Кытай Өкмөтүнүн көрүп жаткан күч-аракеттерин, ошондой эле кытай эли көрсөткөн чыдамдуулукту жогору баалаганын белгиледи. Коронавирус инфекцисы менен күрөшүүгө берилген гуманитардык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Инфекциянын макроэкономикалык кырдаалга тийгизген терс таасирин эске алуу менен Кытайдын алдындагы тышкы карыз боюнча төлөмдү жеңилдетүү жана төлөө мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуш кылды.
Тараптар түзүлгөн кырдаалда бири-бирине колдоо көрсөтүүдө өз ара тилектештигин жана даярдыгын билдиришип, илдет менен күрөшүү үчүн Кытайдан Кыргызстанга медициналык адистерди жөнөтүү боюнча макулдашышты.
КЭР Төрагасы Си Цзиньпин коронавирус инфекциясы менен күрөшүүдө Кыргыз Республикасынын аракеттерин колдоорун белгиледи.
последние
Рекомендация
- 1Работники органов прокуратуры перечислили однодневную зарплату на борьбу с коронавирусом.
- 21-11-класстар үчүн IV чейрек сабактары дистанттык түрдө башталды
- 3 Если не сейчас, то когда еще наша помощь будет так нужна Кыргызстану и нашему народу?
- 4«Алтынкен»: Китай и Кыргызстан вместе преодолеют возникшие трудности
- 5Пограничники выручили товарища в трудную минуту, он добро не забыл