WeChat      Избранное

2020-жылдын 15-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 19 жаӊы учуру катталды-жалпы 449

15/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 15-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 19 жаӊы учуру катталды-жалпы 449

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 15-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 19 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 19 бейтаптын ичинен Бишкекте – 5, Ошто – 12, Ош облусунда – 2. Жаӊы учурлардын ичинен 14 аял, 5 эркек. Ошондо, 2020-жылдын 15-апрелине карата Кыргызстанда коронавирусун жуктурган жалпы 449 учур катталды. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 93, Ош облусунда – 130, Ош ш. – 71, Чүй облусунда – 28,  Бишкек ш. – 82, Баткен облусунда – 5, Нарын облусунда – 34, Ысык-Көл облусунда – 6. Катталган учурлардын ичинен 244 аял, 205 эркек. 

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 15 түздү. Алар Бишкек шаарында – 3, Ош облусунда – 2, Ош шаарында – 10. Республика боюнча жалпы COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 98 учур катталды.

Учурда, стационарда 366 жаран жатат. Анын ичинде 11 бейтап оор абалда, алардын жетөөсү – реанимацияда. COVID-19 инфекциясына чалдыккан калган бейтаптарды абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда. Бүгүнкү күнгө карата 78 адам айыгып, үйүнө чыгарылды”, - деп маалымат берди.

COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 455 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Жакын байланыштар (I категория) – 1 528, башка байланыштар (II категория) – 5 977 экендиги белгилүү болду. Учурда, Кыргызстан боюнча обсервацияда 902 адам жаткандыгы айтылды. 

Муну менен катар эле, министрдин орун басары: “Бүгүнкү күнү жалпы биздин республикага кирип келген биринчи толкундагы инфекциянын очокторун таап, экинчи толкунда турган, жакын байланышта болгон адамдарды дагы изилдедик. Кийинки этапта үчүнчү толкун катары кетип жаткан биздин жергиликтүү калктын арасында дагы катталган учурларды тастыктоо иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан айтканда, республикада жүрүп жаткан эпидемиянын чектерин тактап жетишип калганга келдик”, - деп билдирди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)