WeChat      Избранное

Жылдын жыйынтыгында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөөсү 30 млрд сомдон ашып кетүүсү мүмкүн

11/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Жылдын жыйынтыгында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөөсү 30 млрд сомдон ашып кетүүсү мүмкүн

Сүрөт интернеттен алынды

Жылдын жыйынтыгында республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн төмөндөөсү 30 млрд сомдон ашып кетүүсү мүмкүн. Бул тууралуу КРдин Каржы министри Бактыгүл Жээнбаева республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Бактыгул Жаныбековна: “Пандемиянын кесепети коомдук турмушубузда дээрлик бардык тармактарда терс таасирин тийгизүүдө. Натыйжада дүйнө мамлекеттеринин көпчүлүгүндө анын ичинде биздин өлкөдө дагы жагымсыз экономикалык жагдай жаралды. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү дээрлик бардык бизнес өз ишмердүүлүгүн токтотту. Бул республикалык бюджетти аткарууга олуттуу тассирин тийгизүүдө. Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү боюнча төмөндөө процесси жүрүүдө. Жылдын жыйынтыгында төмөндөөнүн көлөмү 30 млрд сомдон ашып кетүүсү мүмкүн. 

Ошол эле убакта COVID-19 глобалдык пандемиясына каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар менен байланышкан кошумча чыгымдардын эсебинен республикалык бюджеттин чыгашалары дагы көбөйүүсү мүмкүн. Ушундан улам, КРдин Каржы министрлиги кырдаалды жакшыртуу үчүн зарыл болгон бардык чараларды көрүүдө. Биздин министрлик бюджеттик каражаттарды үнөмдөө максатында бардык бюджеттик мекемелерди дагы бир ирет өз чыгымдарын кайра карап чыгууга чакырды. Муну менен эле катар, бизге гранттарды, жана эң төмөнкү пайыздык чен менен мүмкүн болушунча узак мөөнөттөргө насыяларды тартып келүү максатында өнөктөштөргө, эл аралык каржы институттарына, донор өлкөлөрүнө кайрылууга мажбур болдук. Алардын насыялары биз үчүн алгылыктуу болуп саналат. 

Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары боюнча карызды тындыруу мөөнөтү – 10 жыл, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунуку – 20 жыл, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 32 жыл, ал эми Дүйнөлүк банктыкы – 38 жыл. 

Жогоруда белгилеп өткөндөй, ресурстардын пайыздык чендери да республикабыз үчүн алгылыктуу. Мисалы, Эл аралык валюта фондунун ресурстары 0,7 пайыздык чен менен берилсе, Дүйнөлүк банктыкы –0,75 пайыздык чен менен, Азия өнүктүрүү банкыныкы – 1 пайызга чейинки чен менен берилет. Ошол эле убакта берилген кредиттердин шарттарында ар кандай жеңилдетилген мөөнөттөр бар.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тек гана жеңилдетилген кредиттерди тартып келбестен, аларды гранттары менен кошо да тартып келүүдө” ,-деп маалымат берди. 

Буга кошумча каржы министри каржылоо кандай багыттар менен тартылып жаткандыгына дагы токтолуп өттү. Биринчи багыт бюджетти колдоо, экинчи багыт COVID-19 вирусу менен күрөшүүгө сарпталчу каражаттар жана үчүнчү топ бизнести колдоо үчүн тартылган каражаттар экендигин айтып берди.   


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)