WeChat      Избранное

Эркин Асрандиев:“Биздин негизги максат – илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө, андан кийин бара-бара бизнести, жашоо-турмушту калыбына келтирүү”

12/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Эркин Асрандиев:“Биздин негизги максат – илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө, андан кийин бара-бара бизнести, жашоо-турмушту калыбына келтирүү”

Сүрөт интернеттен алынды

Учурда, ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу 12-апрель күнү республикалык штабдын пресс борборунда  вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

“Кайсы тармактар чоң зыян көрүп, жабыр тарткан бизнестин түрлөрү анализденип жатат. Кайсы ишмердүүлүктүн түрлөрү биринчи кезекте колдоого муктаж. Ошондой эле кайсы бизнести биз ачсак тез арада жарандарды жумуш менен камсыз кылып, экономикага оң таасир тийгизет. Булардын баары анализ жүргүзгөндөн кийин белгилүү болот. Сөзсүз түрдө бизнестин түрлөрүн гана эмес көлөмдөрүн да карап жатабыз. Биринчиден, чакан ишкерлер, күнүмдүк ишмердүүлүк менен алектенгендер да каралууда”, - дейт ал.

Асрандиев белгилегендей, ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынын маалыматына караганда, өлкөдө 2 миң 200дөй ири ишкана бар.

“Жүргүзүлүп жаткан анализдин жыйынтыгында кимге кандай жардам берилери белгилүү болот. Бизнес тармагына финансылык жардам көрсөтүүдө биз каражаттарды кайсы жактан табарыбызды да карап жатабыз. Ички жана тышкы булактар каралууда. Учурда 14 млрд сомдун тегерегинде ички жана тышкы булактар аныкталды десе болот”, - деп кошумчалады Асрандиев.

Муну менен эле катар, вице-премьер-министр:“Азыркы учурда бизнести колдоо жана экономиканы жандандыруу боюнча өкмөттүн иш-чараларынын экинчи пакети иштелип чыгууда. Биздин негизги максат – илдеттин мындан ары жайылышына жол бербөө, аны токтотуу, андан кийин бара-бара бизнести, жашоо-турмушту калыбына келтирүү. Ушул экинчи тизменин алкагында өзүнчө график иштелип чыгууда. Анда биринчи кезекте бизнестин кайсы түрүнө, кайсы ишмердүүлүктүн кайрадан иштөөсүнө уруксат берүү жагы каралууда. Ишканаларга жаңы шарттар, талаптар болорун түшүнүшүбүз керек, санитардык эрежелер аткарылышы зарыл. Ишканаларды кайра ача турган болсок алар илдеттин жайылышына себеп болбошу керек. Ошондуктан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап жатабыз. Бизнестин, экономиканын тармактарынын баарынын тизмесин карап чыгып, кайсынысын биринчи, кайсынысын экинчи ачууну, ошол эле учурда ишканаларга жана бизнеске кандай талаптар коюлушу керектигин карап жатабыз. Мисалы, байланыш аз болгон ишканаларга биринчи кезекте ачканга уруксат берсе болот деген ойлор бар. Бирок, азырынча мөөнөтүн жана датасын айтуу эртерээк. Себеби, күн сайын инфекцияга байланыштуу маалыматтарды алып, талдоо жүргүзүп жатабыз”, - деп маалымат берди.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)