WeChat      Избранное

“Парламентаризм сабактары” - “COVID-19” кырдаалын талкуулады

25/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

“Парламентаризм сабактары” -  “COVID-19” кырдаалын талкуулады

Сүрөт интернеттен алынды

24-апрель күнү “Парламентаризм сабактары” талкуусу учурдагы кырдаалга байланыштуу аралыктан өткөрүлдү. Ал kenesh.kg сайты, Жогорку Кеңештин Facebook жана Youtube каналы аркылуу түз эфирде уюштурулду. Бул талкууга КРдин Жогорку кеңешинин депутаттары Абдывахап Нурбаев менен Эмил Токтошев катышты.

Талкууда Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу Өкмөттүн жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү, Жогорку Кеңештин сунуштары жана ӨК, ӨА режимдерин 30-апрелден кийин жеңилдетүү чараларына болгон муктаждык тууралуу маселелелер каралды.

        Эл өкүлдөрү өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал маалында чакан жана орто бизнеске кандай колдоо керектиги тууралуу пикирлери менен бөлүшүп, түзүлгөн кырдаалга байланыштуу орто жана чакан өндүрүш ишканаларына жеңилдик берилиши керектигин айтышты. Муну менен катар эле, өз сунуштарын дагы беришти.  

Алсак депутат Эмил Токтошев кыйын кырдаалда экономикалык туруктуулукту жана жумушчу орундарын сактап калуу мамлекеттин башкы максаты экенин белгилеп: "Аз сандагы жумушчулар иштеген тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармагындагы ишканалардын ишине уруксат берүү зарыл", -деди.

         Ушундай эле пикирди колдогон депутат Абдывахап Нурбаев калкты жалпы тесттен өткөрүү менен ишканаларынын ишин улантып жаткан Корея менен Чехиянын тажрыйбасын карап көрүү маанилүү экенин кошумчалады. Ошондой эле эл өкүлү насыя жана салык төгүмдөрүн кечиктирип төлөөгө алты айлык мөөнөт берүү жана "Россия-Кыргыз өнүгүү фондунун" каражаттарын гранттык негизде пайдалануу учур талабы экенине токтолду.

Ал эми, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен дагы чек араларды ачып, бизнести жандандырып, экономиканы көтөрүү мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып жатабы? Азыркы тапта, Кытай менен экономикалык мамилени алдыга жылдырууга Кыргызстанда мүмкүнчүлүк барбы? деген суролорго Эмил Токтошев өз оюн билдирди. 

Ал: “Бардыгыбызга белгилүү болгондой КР Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин менен 14-апрель күнү телефон аркылуу сүйлөшкөн. Анда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары жана келечеги, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар, кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүк агымдарын жандандыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. 

Ага ылайык, 2020-жылдын 14-апрелинде Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде “Эркештам” кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жүк ташуу үчүн ачылган. Учурда, жүктөр келе баштады. 

Чындыгында, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсү Кытай менен өтө тыгыз байланышта. Ошондуктан, Өкмөт коңшу мамлекет менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп биздин чек араларды ачканга мүмкүнчүлүк берүүсү керек”,-деген пикири менен бөлүштү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)