WeChat      Избранное

​ Ишти жандандыруу мезгилиндеги санитардык-эпидемиологиялык талаптар

29/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

​  Ишти жандандыруу мезгилиндеги санитардык-эпидемиологиялык талаптар

Сүрөт интернеттен алынды

1-майдан тарта энергетика, мунай газ, текстиль, булгаары, эмерек өнөр жайы жана башка тармактар ишин баштайт. Буга байланыштуу бул ишканалардын жетекчилерине жана ал ишкана-мекемелердин кызматкерлери үчүн санитардык-эпидемиологиялык талаптар иштелип чыкты. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, ар бир ишканада дене табын текшерген, кайсы оорунун бир белгилери – мисалы жөтөл, баш оору ж.б. боюнча сурамжылоо кылган жооптуу адам болуусу шарт. Аталган белгилери же кайсы бир инфекциялык оорунун белгилери бар кызматкерлерди жумушка келтирбөө керек. 

Айнура Акматова: “Сырттан келген адамдар жана кызматкерлер өз иш ордуна беткап же респиратор тагынып келүүсү абзел. Ал ишканаларда 5-15 күндүк дезинфекциялоочу каражаттарынын запасы болушу керек. Тазалыкты караган кызматкерлерге дезинфекциялоо чаралары күчөтүлгөндүгү боюнча көрсөтмөлөрдү берилиши зарыл: өндүрүш имараттарын, анын ичинде иш орундарды, андагы шайман-жабдыктарды, телефон, дааратканаларды ж.б. дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалап-жуу. Ишин баштай турган ишканалардын жетекчилерине ишкананын кире беришинде санитайзерлерди орнотуу, колдуу туура жуу тууралуу эскертмени илүү, кызматкерлерин жеке гигиена каражаттары – суу самын, дезинфекциялоочу, кол аарчы, антисептиктер менен камсыз кылуу милдети жүктөлөт. 

Ишкана жетекчилери кызматкерлерин беткаптар менен камсыз кылышат. Ошол эле учурда аны туура колдонуу керек. Беткапты тагынганда бет менен беткаптын ортосу ачык болбошу кажет. Беткапты кийип жүргөндө аны кармабоо керек. Колдонулган беткапты кармагандан кийин колдуу самындап жууп, колду антисептик менен сүртүү абзел. Беткап ным же кир болуп калганда жаңысың кийүү зарыл. Колдонулган беткаптарды утилизация кылуу үчүн ишкана жетекчиси шарт түзүшү зарыл. Андан тышкары ишкана жетекчилери жана кызматкерлер ортодогу аралыкты – иш орундарында 1,5-2 аралыкты сакташы абзел. 

Ал ишканалардагы ашканадан тамактануунун тартибин түзүү зарыл. Имарат ичиндеги абанын кирип-чыгышына шарт түзүү керек. Вентиляция болбогон учурда иш бөлмөсүн күнүнө 4-5 ирет 15 мүнөттөн желдетип туруу зарыл. Мүмкүндүк болушунча ашканаларда бир жолу колдонулуучу идиштерди пайдалануу кажет. Андай идиштер болбосо идиштерди дезинфекциялоочу каражаттар менен тазалоо керек. Бул негизги эпидемиологиялык сунуш жана талаптар”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, Акматова 1-майдан тарта чач-тарачтар иштеп баштай турганын айтып, алар да аталган санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарышы керектигин эскертти.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)