WeChat      Избранное

94 млн 900 миң сом ӨКМга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн которулган

23/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

94 млн 900 миң сом ӨКМга COVID-19га каршы күрөшүү үчүн которулган

Сүрөт интернеттен алынды

Бүгүн, 23-апрель күнү Республикалык штабдын пресс-борборунда Өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров өлкөдөгү абалга байланыштуу министрликтин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. 

Замирбек Аскаров: “Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда обсервация жана ооруканага жаткыруу үчүн жергиликтүү бийлик органдарынын жардамы менен жалпы 11 миӊ 961 койка орундук даярдалды. Ошондой эле ӨКМ тарабынан талаа шартында дагы 3872 орундук даярдоо пландалууда.

Коронавирус илдети менен күрөшүү максатында өзгөчө кырдаалдарды алдын-алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсеп ачылган. Эсепке жалпы 94 млн 900 миң сом акча каражаты которулган. Бүгүнкү күндө каражаттын 43 млн 294 миң 500 сому колдонулду, ал эми 51 млн 605 миң 500 сому аймактардагы башкармалыктардын эсебине турат.

Айта кетсек, обсервацияда жаткан жарандарды ысык тамак менен камсыздоого 10 млн 277 миң сом, дары-дармектерге, беткап, колкап, дезинфекциялоо иштерине жалпы 6 млн 453 миң сом, күйүүчү-майлоочу каражаттарды алууга жана аймактардагы техникаларды камсыз кылууга 6 млн 854 миң сом кеткен. Ошондой эле обсервацияларда жаткан жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү максатында, алардын ичинде – керебет, шейшеп, матрац, дезинфекциялоо аппараттарын алууга жалпы 14 млн сом, жеке коргонуучу каражаттарга 3 млн сомдун тегерегиндеги акча-каражаттар, обсервацияда жаткан жарандарга муздаткычтарды, кир жуучу машиналарды жана телевизорлорду сатып алууга 1 млн 474 миң сом сарпталды”, - деп билдирди министр.

Ал маалымдагандай, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги коронавируска каршы күрөшүү, алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча күнү-түнү иштеп жатат. Президент, өкмөт жана коронавируска каршы Республикалык ыкчам штаб тарабынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир топ тапшырмалар жана милдеттер коюлган. Министрлик өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так жана убагында аткарууда.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)