КРдин вице-премьер-министри Аида Исмаилова Кытайдан келген эксперттик топ менен жолугушту
Сүрөт интернеттен алынды
26-апрель күнү Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Аида Исмаилова өлкөгө Кытай Эл Республикасынан келген медициналык эксперттик топ менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Бул жолугушууга Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышышты.
Бардыгыбызга белгилүү болгондой, коңшу мамлекеттер келген Эксперттик топ Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин иши менен таанышып, лабораториялык аныктоо, ооруну аныктоо алгоритми, жакын байланыштагыларды обочолонтуу боюнча, Кытайда эпидемиологиялык изилдөөлөрдө колдонулган ыкмалар жаатындагы тажрыйбалары менен бөлүшүшүүдө.
Ошондой эле, кытай дарыгерлери Карантиндик жана өзгөчө кооптуу оорулардын республикалык борборунда болушуп, мында жергиликтүү адистер менен коронавирус инфекциясын алдын-алуу чараларын, эпидемияга каршы жана дезинфекциялоо иш-чараларын талкуулашты. Адистер Кытайдын COVID-19 менен күрөшүүдөгү тажрыйбалары менен бөлүшүп, кыргызстандык медицина кызматкерлеринин суроолоруна жооп беришти.
Муну менен эле катар, Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун базасында Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлери үчүн коронавирус инфекциясын алдын-алуу жана дарылоого тийиштүү темалар боюнча онлайн-семинарларга дагы катышышты.
Эксперттик топтун кыргызстандык медицина кызматкерлери үчүн онлайн-семинарларына республика боюнча ар түрдүү адистиктердеги 700дөн ашуун адам катышты.
Ата мекендик дарыгерлер жаңы типтеги коронавирус инфекциясы тууралуу практикалык билим алышып, Кытайдын коронавирус инфекциясы менен күрөшүү жана алдын алуу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы менен таанышышты.
Эске сала кетсек, 20-апрелде Кыргызстандагы коронавирус илдетине каршы күрөшүү жана аны алдын-алуу жаатында жүргүзүлүп жаткан иштерге көмөкчү болуу максатында коңшу мамлекеттен атайын эксперттер тобу келген.
последние
Рекомендация
- 1В Кыргызстане коронавирусом заболели еще семь медиков. Всего 147
- 2Ош шаарында балдарды аралыктан окутуу үчүн муктаж болгон үй-бүлөлөргө телевизорлор убактылуу пайдаланууга берилүүдө
- 322-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 22 жаӊы учуру катталды - жалпы 612
- 4В Кыргызстан могут приехать иностранные специалисты в рамках установленных квот на трудовую миграцию
- 5Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 106 жаран кармалды
Горячие темы
● Джамиля Айтматова: Счастье это - феномен, который не приходит извне, а живет в душе изначально
● В музей как на праздник — архивные фото, как отдыхали в Оше в СССР
● Китайская компания получила от ФИФА $20 млн за привлечение спонсоров для ЧМ-2018
● Игорь Шестаков: Торгово-экономическое взаимодействие с Китаем носит стратегический характер