WeChat      Избранное

Кыргызстанга импорттун 70%ы Кытай Эл Республикасынан келет

29/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанга импорттун 70%ы Кытай Эл Республикасынан келет

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанга импорттун 70%ы Кытай Эл Республикасынан келет. Анын кыскарышы ички өндүрүшкө өз таасирин тийгизмекчи. Бул тууралуу КРдин вице-премьер-министри Эркин Асрандиев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди. 

Анын айтымында, чек ара жабылгандыгына байланыштуу бажы тармагында пландалган жыйымдын 45-50%ы чогулбай калды. Ал эми салык жагындагы жоготуулар, биринчи кезекте кыйыр түрдө импорттун кыскарганына байланыштуу болду. 

Эркин Асрандиев: “Биздин өндүрүштүн көп тармагы Кытайдан келген чийки зат менен байланышкан. Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу көп ишкана-мекемелердин ишине чектөө киргизилгендиктен салык жыйымдары азайды. Жыл башынан бери 27-апрелге чейин салык жана бажыдан дээрлик 10 млрд сом түшпөй калды. 

Өлкөнүн бюджетинде кирешелик жоготуулардан улам, биз тышкы жардам катары башка жолдорду издеп жатабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга жалпы суммасы 120,8 млн долларга тышкы жардам келип түштү, бул каражат бюджеттин чыгашаларын жабууга багытталды. Саламаттык сактоо министрлигине 700 миӊ доллар келди. Акча каражаты катары тышкы жардам жеӊилдетилген насыялар же тышкы карыздын эсебинен пайызсыз насыялар катары келүүдө. Алардын баарын кайтаруу зарыл. 

Кыргызстанда автобус, троллейбустар 11-майдан тарта иштей баштайт.Кичи автобустардын жана базарлардын (азык-түлүктөн башка) ишин жандандыруу оорунун массалык түрдө таралышына себеп болушу мүмкүн.

11-майдан тарта кеңселердин, редакциялардын, ЖМКнын бардык түрлөрүнүн  студияларынын иштери жанданат. Буга чейин айрым ЖМКлар аралыктан иштеп келген. Биз ЖМКларды 11-майдан тарта өз ишмердүүлүгүн уланта турган кызматтардын тизмесине киргиздик”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, Асрандиев учурдагы кырдаалга байланыштуу Президент Сороонбай Жээнбеков Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен  “Эксимбанктын” алдындагы карызды реструктуризациялоо боюнча сүйлөшкөндүгү тууралуу дагы билдирип өттү. 

“Менин билишимче ал кайрылуу колдоо тапкан. “Эксимбанк” биздин адистер менен байланышып, бул багытта иштер башталган”, - деди ал.

Башка насыя берүүчүлөр менен тышкы карыз боюнча сүйлөшүүлөр болуп, Париж клубунун алкагында эки тараптуу насыялардын төлөмдөрүнүн мөөнөтүн жылдыруу иштери дагы жүрүп жаткандыгын билдирди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)