WeChat      Избранное

0701 88 10 08 номери жазгы талаа жумуштары боюнча суроолорго жооп берет

11/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

 

0701 88 10 08 номери жазгы талаа жумуштары боюнча суроолорго жооп берет

Сүрөт интернеттен алынды

КРдин Айыл-чарба тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев өзгөчө абал шартындагы жазгы талаа иштери тууралуу республикалык штабдын пресс борборунда маалымат берди.

Эркинбек Урайымович: “Учурдагы кырдаалда дагы жазгы талаа жумуштары өз ыраатында өтүп жатат. Бүгүнкү күндө 2020-жылдын түшүмү үчүн бардыгы болуп 1млн 219 миң гектар жер пайдаланылууда. Быйылкы шартка жараша биздин дыйкандар көбүнчө буудай аянтын көбөйтүүгө далалат кылып жатышат. 

Азыр үрөн 84%га пайдаланылып жатат. Анын тартыштыгы жок. Бирок, жогоруда белгилеп кеткендей биздин дыйкандар буудайдын үрөнүн көп сурап жатышат. Биз бул багытта колдон келген аракеттерди кылып жатабыз. Белгиленген биздин божомолдон 5 миң гектарга көп жер аянтына буудай себилет. Мындан сырткары, биз быйыл дотация системасын киргиздик. Дыйкандар жаздык буудай, жаздык арпа жана жүгөрүнүн көптөгөн үрөндөрүн алышып, алардын быйыл 5-10 центрге чейин көп түшүм алуусу болжолдонууда. 

Минералдык жер семирткичтер боюнча айта турган болсок, 10-апрелге карата болгон маалыматка ылайык республика боюнча 78 миң тонна минералдык жер семирткичтер бар. Учурда, алар жер-жерлерге таратылууда. Айыл чарба техникаларын оңдоп ишке киргизүү боюнча иштер дагы жакшы алдыга жылган. Бирок, жазгы талаа жумуштары жүргөн жерлерде тетиктердин табылуусу оордукка турат деп айтылууда. Ошондуктан, бул боюнча колдон келген бардык жардамдарды берүүгө аракет кылып жатабыз.

Министрликте атайын ыкчам телефон номери дагы иштеп жатат. Бизге кандайдыр бир суроолор, сунуштар болсо кайрылсаңыздар болот. Номер 0701 88 10 08” ,-деп билдирди. 

Муну менен катар эле, дыйкандар үчүн жеңилдетилген насыяларды берүү жаатында дагы иштер жүргүзүлүп жаткандыгы маалым болду. Учурда, “Айыл банк”, “РСК” жана” “КICB” банктары ушул жаатка тартылып, иштеп жаткандыгы айтылды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)