WeChat      Избранное

Коронавирус менен күрөшүү – КЭРде 13-февралдан тарта оорунун жайылуусу төмөндөөдө

06/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Коронавирус менен күрөшүү – КЭРде 13-февралдан тарта оорунун жайылуусу төмөндөөдө

Сүрөт интернеттен алынды

Үстүбүздөгү жылдын 25-февраль күнү Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин К.Ш.Токтомаматов атындагы Санариптик технологиялар борборунда Кыргыз улуттук университети менен «Кыргызстан-Кытай» достук коомдук фонду биргелешип уюштурган «Коронавирус тууралуу жаңы маалыматтар жана вируска каршы Кытайда көрүлүп жаткан чаралар» темасындагы тегерек стол болуп өттү. 

Ага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь айым баш болгон элчиликтин өкүлдөрү, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Адыл Жунус уулу, коомдук ишмер, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков, Ж. Баласагын атындагы КУУнун ректору Канат Сыдыков, «Кыргызстан-Кытай» достук коомдук фондунун вице-президенти Субай Анарбек жана башка Кыргызстандын коомдук ишкерлери жана көрүнүктүү окумуштуу инсандары катышышты.

Иш-чараны «Кыргызстан-Кытай» достук коомдук фондунун президенти Асейин Абдраманович Аракеев ачып, сөз кезегин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымга берди.

Элчи айым тегерек столдун уюштуруучуларына ыраазычылык билдирип, жыйындын катышуучулары менен Кытайдагы коронавирус тууралуу соңку маалыматтар менен бөлүшүп, коңшу мамлекеттин учурдагы абалы тууралуу дагы маалымат берип өттү. 

«Кыргызстан-Кытай» достук коомдук фондунун вице-президенти, Шанхай саясат жана укук университетинин ардактуу профессору Субай Анарбек коронавирус боюнча Кытайдагы, анын провинцияларындагы абалы тууралуу схема, диаграмма, графиктерди колдонуу менен иш-чаранын жалпы катышуучуларына кенен маалымат берди. 

Жогорку Кеңештин депутаты Жунус уулу Адыл, «Дордой» ассоциациясынын президенти Аскар Салымбеков, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турдукан Жумабекова, Ухань шаарында окуган КУУнун магистранты Алтынай Анарбаева коронавирус менен күрөшүү боюнча Кытайда жасалып жаткан иш-аракеттер, көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып, Кытай эли бул жугуштуу ооруну тартип, эрежелерди сактоо жана карантин жолу менен жеңип жатканын, Кыргызстанда да ушундай чараларды көрүү зарыл экендигин баса белгилешти.

Иш-чаранын катышуучулары аталган илдетти алдын-ала жайылтпоо иштерин талкуулап, Кытайдын ага каршы жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө жогорку баа берип өтүштү. 

Муну менен катар эле, Улуттук университеттин ректору Канат Садыков өз сөзүндө Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги, мамлекеттик органдары тарабынан коронавируска каршы көрүлүп жаткан чараларды чагылдыруу боюнча иш-чара университетте экинчи жолу өтүп жатканын, мындай жолугушууларда так маалымат алынып, түзүм жетекчилери ал маалыматты окутуучулар менен студенттерге түз жеткирээрин белгиледи. 

Ал: «Оорунун бат жайылуусу бизде бир катар коркунучтарды жаратты. Биз Кытайда окуп жаткан ар бир студент менен байланышта болуп жаттык. Алардын бири да оору жуктурган эмес. Студенттердин баардыгы аман-эсен Кыргызстанга кайтып келишкен. Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда коронавирус менен ооругандар жок», - деп баса белгиледи.

Ректор сөзүнүн соңунда: «Кыргыз эли менен кытай элинин достугун чыңдаган иш чаралардан биз да четте тура албадык. Жөнөкөй эл, пенсионерлер жардам берип жатканда, биз дагы бул жагдайды талкуулап, жетекчилик, декандар, кыргыз-кытай факультетинин деканаты, окутуучулары, ал эмес студенттери биригип, коронавируска каршы күрөшүүдө кытай элине акчалай жардам көрсөтүүнү жана сиз аркылуу, урматтуу элчи айым, ал каражатты Кытайдын Кызыл Крест коомуна тапшырууну чечтик», - деп, Ду Дэвэнь айымга каражат салынган конвертти тапшырды.

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси: « Кытай Өкмөтү болгон улуттук ресурстарды чогултуп, эпидемиянын алдын - алуу үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо» 

-Бүгүнкү күнгө карата Кытайда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 77 миң 658 адам, анын ичинен: 508 - жаңы жуктургандар, айыккандардын саны - 27 миң 323, каза болгондор - 2 миң 669. Февраль айынын 13-нөн баштап коронавирус жуктургандардын саны азаюуда.

Учурда биз 13-февралдан тарта оорунун жайылуусу төмөндөп жатканын көрүп жатабыз. Жаңы жуктургандардын саны 508 адамды түзгөн. Хубэйдин тегерегиндеги 30 провинцияда 24-февралдан тарта болгону 9 жаңы учур катталган. Бул фактылар коронавирус менен болгон абал жакшырып, оору көзөмөл алдында экендигин көрсөтүп турат. Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин бул чоң сыноо экендигин айткан. Эл ошол сыноодон өтүп, өзүнүн күжүрмөндүгүн көрсөттү.

Кытай Өкмөтү болгон улуттук ресурстарды чогултуп, эпидемиянын алдын алуу үчүн болгон күч-аракетин жумшоодо. Биз КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин акылман жетекчилиги астында кытай эли коронавирусту жеңүү менен дагы күчтүүрөөк болооруна ишенебиз.

Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтып, кыргыз тараптан гуманитардык жардам жөнөтүлдү. Мени өзгөчө, жөнөкөй кыргызстандыктардын аракеттери толкундантты.

Мисалы, бишкектик бир пенсионер 200 доллар өлчөмүндөгү бир айлык пенсиясын Кытайдын Кызыл Крест фондуна которуптур, ал эми белгилүү акын Пазылов Ухань шаарына арнап атайын ыр жазды, Улуттук университеттин кыргыз-кытай факультетинин 300дөн ашуун студенти кытай элин колдогон кат жөнөтүштү. 

24-февралда болуп өткөн өлкөнүн борбордук банктарынын жетекчилеринин жана каржы министрлеринин кеңешмесинин жүрүшүндө көптөгөн өлкөлөрдүн серепчилери Кытайдын эпидемиянын алдын-алуу жана өндүрүштү жандандыруу жөндөмдүүлүгүнө өз ишенимдерин билдиришти. 

КЭР экономикалык өнүгүүгө жаңы типтеги коронавирустун терс таасирин азайтуу үчүн натыйжалуу чараларды көрүүдө. Кытай экономикасын өз нугуна салуусу ушул жылдын экинчи чейрегинде күтүлүүдө. 

Биз Кытай жана Кыргызстан ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты жөнгө салып, эпидемиянын терс таасирин азайтуу үчүн, эки коңшу өлкө биргелешкен аракеттерди жумшай тургандыгына ишенебиз.

Аскар Салымбеков, «Дордой» ассоциациясынын президенти: «Бул кырдаал дүйнөлүк экономикалык кризиске алып келүүсү мүмкүн»

- Азыркы тапта дүйнөнүн,  дээрлик бардык мамлекеттери Кытай Эл Республикасынын экономикасы менен байланыштуу. Башка мамлекеттердин завод-фабрикалары дагы Кытай менен иштешишет. Башкаларды айтпаганда, фурнитура, жиптер, кездемелер баары Кытайдан жеткирилет. Биз Кытай эпидемияны жеңип, аны жое алат деп үмүттөнүп, тиленишибиз зарыл. Анткени, бул кырдаал дүйнөлүк экономикалык кризиске алып келүүсү мүмкүн. 

Чындыгында, учурда Кытай Өкмөтүнүн илдетке каршы жүргүзүп жаткан күрөшү, тартиби аркылуу ал жеңишке жете алат деп ишенем.  

Бирок вирус дүйнө жүзү боюнча жайылып жатканы дагы өзгөчө кооптонууну жаратууда.  Мисалы, Япония, Түштүк Корея, Италия, Америка жана башка мамлекеттер. Вирус эч кандай чекти билбейт. Бул бардык өлкөлөр үчүн коркунучтуу кырдаал, айрыкча, экономикасы начар мамлекеттер үчүн абдан кооптуу. Биз дагы сактануу чараларын жакшы карап, ар бир сырттан келген жаранды кылдаттык менен текшерип, кайдыгер болбообуз абзел.

Алтынай Анарбаева, Ухань шаарынан келген студент: «КЭР Өкмөтү бардык зарыл болгон ыңгайлуу шарттарды түзүп берди»

-Мен Ухань шаарында магистратурада окуйм.  Эпидемия башталган учурда, мен ошол жерде болдум. КЭР Өкмөтү илдеттин чыгышынан кийин эле, өтө тез арада ыкчам байланыш телефон линияларын түзүштү. Чет элдиктер үчүн дагы өзүнчө байланыш линиялары түзүлдү. Ал жактан биз зарыл болгон маалыматтарды тынымсыз алып турдук. Жалпысынан эл арасы тынч. 

Биз жатаканадан сырткары эч жакка чыккан жокпуз. КЭР Өкмөтү бардык зарыл болгон ыңгайлуу шарттарды түзүп берди. Үйдө болуп эле, сыртка чыкпагандыктан тажап кеттик.

2-февралда бизди шаардан чыгарып кетишти. Кыргызстанга келгенде 14 күн карантинде болдук. Эч ким менен байланышкан жокпуз. Текшерүүлөрдөн күн сайын өтүп турдук. Жыйынтыгында, бардыгыбыз жакшы чыктык. 

Учурдан пайдаланып, бизди Кыргызстанга алып келген Өкмөтүбүзгө ыраазычылык билдирмекчимин. Карантин учурунда дагы абдан жакшы карап жатышты. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)