Айнура Акматова: “24-мартка карата Кыргызстанда жалпысынан 42 адам коронавирус жугузуп алгандыгы тастыкталды”
Сүрөт интернеттен алынды
Коронавирус жугузуп алган 26 жаңы учурдун ичинен 14 киши Сауд Арабиядан келгендер, калгандары алар менен байланышта болгондор. Бул тууралуу Өкмөт үйүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан республика боюнча COVID-19га кабылган 42 учур аныкталды. Бүгүн аныкталган жаңы учурлардын ичинен 14 киши Сауд Аравиясынан кичи ажалыктан келишкен, калгандары – алар менен байланышта болгондор. Бейтаптардын бардыгы тийиштүү медициналык жайларда медицина кызматкерлеринин кароосунда.
42 учурдун ичинен - Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 17 адам, Ала-Букада – 2, Ноокат району – 11, Кара-Сууда – 1, Ош шаарында – 8 жана Бишкек шаарында – 2 адам.
Айнура Акматова медициналык кызматкерлерди жумушуна ташуу боюнча дагы иштер каралып жаткандыгын айтып өттү. Алар үчүн атайын автобустар дагы даярдалаары белгилүү болду. Муну менен эле катар, “медициналык кызматкерлердин бир күндүн айлык акысын фондго которуп берүүлөрү зарыл” деген жаңылык чындыкка дал келбей тургандыгын айтты. Анын айтуусунда, ушул кырдаалда иштеген медицина кызматкерлеринин айлык акысы эки эсеге көп төлөнүп берилмекчи.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын жана Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 2020-жылдын 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилди.
Рекомендация
- 1Ан Дэюань: Благодаря эпидемии мы вновь узнали настоящих друзей
- 2У восьмерых баткенцев приехавших из Саудовской Аравии коронавирус не обнаружен
- 3«Жаңы төрөгөн аялдын ар бир көз жашы алтынга тете»
- 4При негативном сценарии выпадения из бюджета могут составить более 20 миллиардов сомов
- 5Жогорку Кенеш КР утвердил Указы Президента КР о введении чрезвычайного положения