WeChat      Избранное

Айнура Акматова: “Кытай дарыгерлери өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүдө”

23/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Айнура Акматова: “Кытай дарыгерлери өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүүдө”

Сүрөт интернеттен алынды

Ош облусунда коронавирус жуктурган дагы эки адам катталды. Бул тууралуу 23-март күнү Өкмөт үйүндө Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтуусуна караганда, алар Кыргызстандын Ноокат районунда жашашат. Алар1960-жылкы аял жана эркек. Алар кичи ажылыктан келгендер. Ошондо, учурда 23-мартка карата ооругандардын жалпы саны 16га жетти.

Муну менен эле катар, Айнура Акматова КЭР менен болгон кызматташуу жаатында дагы маалымат берип кетти. Ал өз сөзүндө: “Мен белгилеп кеткендей биз сөзсүз түрдө ар бир өлкөнүн стратегиясын, колдонгон ыкмаларын карап, изилдеп, колдонуп жатабыз. Кытай Эл Республикасынын иш тажрыйбасы, жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү эң биринчи учурда изилденип, колдонулуп жатат. Эки күн мурда Кытайдын Хубэй жана башка провинцияларындагы медиктери, профессорлору менен жолугуштук. Бул адистер дал ушул COVID-19 илдетин жок кылууга катышкан дарыгерлер. Алар өздөрүнүн иш-аракеттери, изилдөөлөрү менен бөлүшүштү. Мындан сырткары, клиникалык протоколдору менен дагы тааныштырышты. Учурда, ушундай багытта КЭРдин дарыгерлери менен жакындан иш алып баруудабыз”,-деп билдирди.

Азыркы тапта, өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 16га жетти. (7 эркек, 9 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 5 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)