WeChat      Избранное

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Кампалардан тамак-аш продуктуларын ташууну камсыздоо зарыл»

28/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Мухаммедкалый Абылгазиев: «Кампалардан тамак-аш продуктуларын ташууну камсыздоо зарыл»

Сүрөт интернеттен алынды

28-март күнү КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев КРдин Биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары – Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөт аппаратынын басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушууда, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаадагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Муну менен катар эле, Өкмөт башчы борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен жоюу зарылдыгын белгиледи.

«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатышканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек. Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгон болбойт. Ошондуктан Бишкек шаарынын комендатурасы мындай фактыларды аныктап, бузуучуларды өзгөчө абал маалында мыйзамга ылайык жазалоого тийиш. Ошону менен бирге дагы бир ирет белгилей кетсем, бүгүнкү күнү азык-түлүк продуктулары жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаа каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатышат», - деди.

Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүүсү керектигин эскертти.

Эскерте кетсек, 28-мартка карата Кыргызстан боюнча коронавирус менен катталган жаңы учурлар жок. Кыргызстандын аймагында катталган 58 учурдун ичинен;

-Жалал-Абад облусунда – 26 учур,

-Ош облусунда – 27 учур,

-Бишкек шаары – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган),

-Баткен облусунда – 1 учур расмий тастыкталган.



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)