WeChat      Избранное

27-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 14 жаӊы учур катталды

27/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

27-мартка карата Кыргызстанда коронавирусту жуктурган 14 жаӊы учур катталды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 27-марты саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды, Жалал-Абадда жана Ошто 7 учурдан. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 27, Ош облусунда – 26, Бишкек ш. – 4 (Чүй облусунун Москва районунун бир тургуну борбор калаанын инфекциялык ооруканасына которулган), Баткен облусунда – 1

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)