Жалал-Абад облустук ооруканасынан COVID 19 вирусунан айыккан 3 бейтап чыгарылаары айтылды
Сүрөт интернетттен алынды
Бүгүн, 30-март күнү Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү.
Жакынкы күндөрү Россиянын окумуштуулары тарабынан айтылып жаткан коронавируска каршы табылган препарат тууралуу берилген суроого Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев: “Бул тууралуу атайын сурамжылоо иштери жүрдү. Дарыгерлер учурда аны бейтаптарга колдонуп жатканы белгилүү болду. Эгерде ал өз эффективдүүлүгүн көрсөтсө, Кыргызстан дагы колдонмокчу”,-деген оюн билдирди.
Муну менен эле катар, бүгүн стационардан Жалал-Абад облустук ооруканасынан COVID 19 вирусунан айыккан 3 бейтап чыгарылаарын дагы маалымдады.
Өлкөдө лабораториялык изилдөөлөрдү 9 вирустук лаборатория 13 ПЦР менен ишке ашырат. Экспресс-ыкма менен лабораториялык изилдөөлөрдөн 5380 адам өткөн, анын ичинен 45 адамдан вирус чыккан, ПЦР изилдөө боюнча 13682 адамдан анализ алынып, 94 адамдан вирус чыккан, калгандарыныкы терс жыйынтыкты көрсөткөн.
последние
Рекомендация
- 1Асылбек: С пониманием относимся к предпринимаемым мерам
- 228-март саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок
- 3Готова ли развивающаяся Азия к четвертой промышленной революции?
- 4Центр Бишкека закрыт для проезда. Новых случаев заражение нет
- 5Всем, кто не прописан в Бишкеке, необходима справка с ТСЖ или работы