WeChat      Избранное

«Тил билги» жогорку мектеби-эне тил баалуулуктарынын казынасым

06/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Үстүбүздөгү жылдын 24-февраль күнү филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаеванын «Тил билги» автордук жогорку мектебинин таанытымы болуп өттү. Иш-чара «Сабаттуулукка саякат» темасынын алдында өтүп, кыргыздын чыгаан инсандарын окумуштуулурды, журналисттерди, акын-жазуучуларды жана мамлекеттик кызматкерлерди бир арага чогултту. 

Таанытымдын жүрүшүндө, келген меймандар өз куттуктоолорун айтышып, бүгүнкү күнү мындай мектепти ачып, кыргыз тилинде туура жазуу жана сүйлөө сабаттуулугун жакшыртуу заман талабы болуп жаткандыгына дагы токтолушту. 

Соңунда, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын кызматкерлерине Үмүт Култаеванын жогорку мектебинин алгачкы бүтүрүүчүлөрү катары сертификаттар салтанаттуу түрдө тапшырылды.  Эске сала кетсек, аталган басманын котормочулары профессордон «Кыргыз тилинде сабаттуу жазуунун теориялык жана практикалык маселелери» боюнча сабак алышкан.

Сулайман Кайыпов, фольклорчу-этнограф, тилчи, профессор: «Үмүт Баймуратовна такыр болбой калганда «үч киши» болушу керек»

-Мен Үмүт Баймуратовнаны бир киши деп эсептебейм. Такыр болбой калганда «үч киши» болушу керек. Эң жок дебесе, үч чоң кишинин жүгүн көтөрүп, ошону ичине батырып жүргөн ушул адам. 

Үмүт Баймуратовна эң мыкты адабиятчы, сынчы. Андан кийин тилди майдалап, турушунан баштап, сүйлөгөнүнө чейин билген тилчи, муну менен катар эле атыккан педагог. Мына, мен профессордун ушул үч жагын абдан жакшы билем. Үч тарабы тең, үч кишинин 60-70 жылдык өмүрүн арнап, араң жете турган бийиктиктерге жетип жатат. 

Ийгиликтин сыры да ушунда болсо керек. Сабагын алган, келип сүйлөшкөн бардык адамдардын бардыгы кандайдыр бир сыйкырлап койгондой ага тартылып турган себеби дагы мына ушунда. Анткени, анда тереңдик бар, кенендик бар. Үмүт Баймуратовна менен сүйлөшүп жатканда үч дасыккан окумуштуу менен сүйлөшүп жаткандай таасир калат. 

Мына ошондуктан, Үмүт Баймуратовнанын иши буюрса, ийгиликтүү болот. Анткени, ал буга чейин жогорку окуу жайларында, мамлекеттик структураларда иштеп келген. Азыр деле ушул багыттарда иштей берсе болмок. Мисалы, бир университетке профессор, кафедра башчысы, проректор же ректор болуп алмак. Булардын бардыгы бир жол, бир тараптуу багыт. Бирок, Үмүт Баймуратовна башка тарапты дагы тандады. Эми биз, бул адамдын дагы ачылбаган таланттарына күбө болуп, башка жактан тааный алабыз. Анда энергия абдан көп, тажрыйба дагы толду, билими дагы бар. Ошондуктан, турмуштун бул жагын, бул капталын дагы изилдеп, аны өркүндөтүп-өөрчүтүүнүн алдында турат. Бул жаатта дагы чоң-чоң бийиктиктерди багынтат деп ишенем. 

Мен Үмүт Баймуратовнага кыргыз тилинин орфоэпиялык сөздүгүн түзүү сунушун киргизмекчимин. Сөздүктү электрондук түрдө жасоо заман талабы. Ал жерде сөздүн маанисин гана эмес, кандай айтылышын дагы берүү абзел. Себеби, убакыттын өтүшү менен сөздөрдү айтуу, сүйлөө айырмачылыктары дагы абдан өзгөрүп калат экен. Ушундай электрондук сөздүк да кыргыз тилинде туура сүйлөөгө, сөздөрдүн өздүк баалуулугун жоготпоого өбөлгө болуп бере алмак. 

Жеңиш Чыманов, филология илимдеринин доктору, профессор: «Бүгүнкү иш-чара жеке мен үчүн кубанычтуу жаңылык»

-Үмүт Култаева кыргыз тили, кыргыз тилин окутуу методикасы боюнча 40 жылдан бери абдан жакшы иштерди аткарып келе жатат. Ошондуктан, бүгүнкү иш-чара жеке мен үчүн кубанычтуу жаңылык болду. Ушул кырк жыл ичинде ал кыргыз тилин мамлекеттик тил, эне тил катары окутууга, үйрөтүүгө, жайылтууга, колдонууга көптөгөн иш-аракеттерди жасоодо. 

Педагогика илиминде инновация деген жакшы түшүнүк бар. Ал тигил же бул ишке, проблемаларга ичинен мамиле кылуу, ичинен өзгөрүү, ичинен толукталуу дегенди билдирет. Мына, Үмүт Баймуратовнанын автордук жогорку мектеби кандайдыр бир сырткы таасирдин алдында эмес, коммерциялык максатта эмес, эженин өзүнүн ички үмүт-тилегинен, патриоттук сезимдеринен улам түзүлүп, эне тилибиздин баалуулугун сактоо максатында иш алып барганы жатат. Буга эженин иш-тажрыйбасы, илими, ишке болгон мамилеси дагы кошул-ташыл болууда.

Мектепте кыргыз тилин үйрөтүүгө, окутууга болгон мамиле жаңыча болуп жатат. Бул иштин дагы бир ийгилиги катары кыргыз тилин үйрөнүүгө аракет кылып жаткандардын, окуп жаткандардын дагы бул предметти үйрөнүүгө жаңыча мамиле жасап жаткандыгы. Окутуу заманбап болсо, үйрөнүп жаткандар жаңы муун болсо, сөзсүз бир ийгиликке жетет деп ишенем.

Автордук мектептин аты «Тил билги» деп аталууда. «Билги» сөзү кыргыздын көөнө сөзү. Колдонулуп келген. Бул сөздү азыр педагогика илиминде «компетенция» деген сөз менен алмаштырып, колдонуп келишет. Бирок, өзүбүздүн ушундай көөнө сөздөрүбүздү унутпай жашообузда дагы көп-көп колдонсок. Кыргыздын тили абдан бай. Учурда, кыргызчасын билбей, башка тилден келген сөздөр менен алмаштырып жазгандар абдан көп. Мына, аталган мектеп өзүбүздүн көөнө сөздөрүбүздү дагы үйрөтүүгө, маанисин билүүгө, эл арасында жайылтууга өз салымын кошооруна ишенем. Ошондуктан, Үмүт Баймуратовнанын жаңы кадамына ийгилик каалайм. 

Дастан Конокбаев, «Чыгыш адабияты жана искусствосу» басма компаниясынын кызматкери: «Бул сабактарда мен үчүн чоң ачылыштар болду»

-Биз Үмүт Култаева эжеден кыргыз тили боюнча 10 сабак алдык. Бул сабактарда мен үчүн аябай чоң ачылыштар болду. Себеби, орто мектепте, жогорку окуу жайда кыргыз тилин окуп, үйрөнсөк дагы эжеден алган сабактардан кыргыз тилин даана так, кыска убакыттын ичинде жөнөкөй жалпак тил менен эффективдүү түшүнө алдым деп ойлойм. 

Эженин сабактарынан мени таң калтырганы бул кыргыз тилинин эрежелери өзүнчө бир арифметикалык формулага окшош болгондугу болду. Ар бир сөздүн, ар бир тамганын өз орду, так жана таасын жазылган колдонуу эрежеси бар экен. Ошондуктан, эженин сабактарында кыргыз тилин дагы тереңдеп үйрөнүп, жакшы бир деңгээлде сабаттуу жазууну жана сүйлөөнү өздөштүрө алдык. 

Эженин, «Тил билги» автордук жогорку мектеби азыркы тапта кыргыз коомчулугу үчүн, эне тилибиз үчүн абдан керектүү. Себеби, бул мектептеги кыргыз тилин үйрөтүү боюнча ыкмасы эң сонун бир эффективдүү метод болуп саналат.

Үмүт Култаева, «Тил билги» автордук жогорку мектебинин жетекчиси: «Кыргыз коомчулугун сабатсыздыктын кара туманы каптап кетти»

-Бүгүн менин «Тил билги» деген жеке автордук жогорку мектебимдин таанытымы өтүп жатат. Бул болгондо дагы жогорку мектеп. Анткени, буга жогорку билимдүүлөр, ал эмес илимдин кандидаттары дагы келүүдө. 

Кийинки кезде, эмнегедир кыргыз коомчулугун сабатсыздыктын кара туманы каптап кетти. Ошондуктан мектепте сабаттуулук, таасирдүү сүйлөө максаттарына жетүү үчүн мен тил менен адабиятты шайкеш алып, элдик маданият менен бирге бермекчибиз. 

Сабаттуу жазуунун 25 ачкычын иштеп чыккам. Ушул ачкычтар аркылуу биздин мектеп кыргыз тилин кыска мөөнөттө пайдаланууга эң керектүү ачкычтарын берүүчү мектеп болуп саналат. Көпчүлүк элдин суроосу менен ютуб каналын дагы ачып жатабыз. Эми, бул канал мындан ары туруктуу түрдө коомчулукка акысыз тартууланып турмакчы. Кыргыз тилин үйрөнүүнү каалаган бардык каалоочулар бул кызматыбыздан пайдалана алышат.  

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)