WeChat      Избранное

Кытай Эл Республикасынын эпидемия очогунда иштеген дарыгерлер менен теле-конференциялар өтүп жатат

27/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Кытай Эл Республикасынын эпидемия очогунда иштеген дарыгерлер менен теле-конференциялар өтүп жатат

Сүрөт интернеттен алынды

Учурда, Кытайдан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

“Азыркы тапта, Кытай Эл Республикасынан келген гуманитардык жардамды бөлүштүрүү иштери жүрүп жатат. Жыйынтыгы белгилүү болгондон кийин дагы толук маалымат беребиз”-деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү. 

Муну менен бирге эле, ал: “Кытай Эл Республикасынын эпидемия очогунда иштеген дарыгерлер менен теле-конференциялар дагы өтүп жатат. КРдин Тышкы иштер министрлигине беш-алты кытай дарыгеринин Кыргызстанга келүүсү тууралуу дагы сунушу менен кайрылганбыз. Бул маселе учурда КР ТИМ тарабынан иштелип жатат”,-деп маалымат берди. 

Жыйында чет өлкөлөрдө 5 кыргызстандыкта коронавирусу табылгандыгы айтылды. Алар: Бириккен Араб Эмиратында – 1 жаран, Пакистанда – 3 жаран. “Алардын баары жеринде тийиштүү түрдө дарыланып жатат. Баарынын абалы жакшы. Испаниядагы дагы бир кыргызстандыкта коронавирусуна жасалган анализи терс болуп чыккан. Бирок акыркы учурда андан да коронавирус табылып, оорусу жеңил болгондугуна байланыштуу үй карантинине чыгарылып, дарыланууда”, - деп билдирди коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы А.Акматова.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)