WeChat      Избранное

Жакынкы күндөрү жүк ташуу унаалары үчүн Кытай менен чек ара ачылаары күтүлүүдө

30/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Жакынкы күндөрү жүк ташуу унаалары үчүн Кытай менен чек ара ачылаары күтүлүүдө

Сүрөт интернетттен алынды

Бүгүн, 30-март күнү Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү. Жыйындын катышуучулары журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти. 

Жыйындын жүрүшүндө, жакынкы күндөрү жүк ташуу унаалары үчүн Кытай Эл Республикасы менен чек ара ачылаары дагы күтүлүп жаткандыгы айтылды. Ал эми, Космосбек Чолпонбаев өз сөзүндө КЭР менен жакындан иштешип жаткандыктарын айтып, кытай дарыгерлери дагы Кыргызстанга келип өз тажрыйбалары менен бөлүшүүсү үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жаткандыгын белгиледи. 

Муну менен катар, Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өзгөчө абал режимин алуунун критерийлеринин бири – COVID-19ду жугузуп алган учурларды минималдаштыруу зарыл экендигин билдирди.

Ал: “Биз Кытайдын тажрыйбасын көрүп атабыз. Ал жакта өлкө боюнча 300 жаңы учур бар. Бул күндөн-күнгө төмөндөөдө дегенди билдирет. Эгер бизде дагы төмөндөп, жаңы учурлар аныкталбаса, анда ички жайылуу азаюуда деп эсептелинет”, - деп кошумчалады.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)