WeChat      Избранное

8-март – очок ээси, үйдүн куту болгон асылзат айымдардын майрамы

06/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

8-март – очок ээси, үйдүн куту болгон асылзат айымдардын майрамы

Сүрөттөр интернеттен алынды

Убакыт учкан куш дегендей 2020-жылдын дагы жаз мезгили кирип келди. Жаратылышка жан киргизип, табиятты өзгөчө кооздукка бөлөгөн бул мезгил, учурда кары-жашты жылуулукка терметип, кубантып турган чагы. Мына, ушул кубаныч менен бирге эле, очоктун ээси, үйдүн куту болгон асылзат айымдардын майрамы дагы босогого келип калды.

Эң назик майрам – 8-мартты айымдар сыртынан билдирбегени менен, ичтеринен зор чыдамсыздык менен күтүп жаткандыгы белгилүү. Бардыгыбыз эле жакындарыбыздан жакшы белек, жылуу каалоо-тилек жана өзгөчө бир маанай тартуулаган камкордукту купуя каалайт эмеспизби. Анткени аялдар канчалык кайраттуу, сабырдуу, камкор жана күчтүү болгону менен ар дайым бирөөнүн аны да камкордукка алып, аяп, сыйлап турушун эңсөөсү шексиз.

Биздин редакциянын жалпы жамааты дагы жаркыраган жаз майрамын утурлай бардык Кыргызстандын асылзатын куттуктайт. Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат каалап, ойлогон ой – максаттарыңыздардын ишке ашуусуна тилектештигин билдирет. 

Ошондуктан, эң назик майрамдын урматына шаарыбыздын тургундарынан Кыргызстандагы аял кишинин коомдогу орду тууралуу ойлорун сурап, каалоо-тилектерине дагы ортоктош болдук. 

Алыбай Жунусов, мугалим: «Намыстуу камкор мырзанын аялы менен кыздарынын көздөрү жанып, көкүрөктөрү өзүнөн – өзү эле жаркып турат»

- Акын Мидин Алыбаевдин «аялдар коомдо зор күч» деп айткан сөзүнүн эч калети жок. Азыр коомдо ар кандай кубулуштар, өзгөрүүлөр болуп жаткан мезгилде, канчалаган эр жигиттерибиз кыйналса дагы, аялдар эч кандай кыйналбай, бардык тармакта соодада, илимде, искусство менен адабият, маданиятта болсун баягыдай эле, андан дагы эки эсе күч менен иштеп жатат. Бул нерсени моюнга алышыбыз керек. 

Чындыгында, кыргызда байыртан аялдардын орду чоң болуп келген. Мисалы, кыргыздарда Манастан ыйык киши жок. Манас жекеме-жеке найза сайышта бир гана кыз Сайкалдан жеңилген. Эгерде Манасты аял киши аттан оодара сайганга кыргыздар жол берсе, демек аялдардын ээлеген орду жогору болгон. 

Алыска атагы чыккан Жаңыл мырза. Ага ар дайым аялдын атына эркектерге колдонулчу «мырза» деген наамды кошо колдонуп, кайрылышкан. Жаңыл мырза өз элинде уруунун башкаруучусу болгон. Бул дагы бир жолу кыргыздардын коомунда аялдардын статусу жогору болгондугун тастыктайт. 

Алай ханышасы Курманжан датканын аты тарых барактарына түбөлүккө алтын тамгалар менен жазылып калгандыгын бардыгыбыз билебиз. Мына, ушул сымал баатыр, акылман, эр жүрөк кыздарынан кыргыз элинин уучу кур болгон эмес.

Бүгүнкү күнү Айсулуу Тыныбекова дагы кыргыздын атын алыска чыгарып, даңктап турган кези.  

Чындыгында, аялдарда жоопкерчилик абдан чоң. Анткени аял – эне, аял – жар, аял – үйдүн куту, аял – очоктун ээси. Байыртадан түндүктүн ээси эркек, очоктун ээси аял болгон. Аял басып кетсе турмуш бузулат, турмуш бузулса үй бузулат, үй бузулса коом бузулат, коом бузулса мамлекет бузулат. Мына ошондуктан, аялдар коомдун зор күчү болуп саналат.

Тилекке каршы, 2020-жыл дагы Баткенде, Нарында өз күйөөлөрүнөн колунан кайтыш болгон жаш келиндердин үрөй учурган окуялары менен башталды. Бул абдан жаман көрүнүш. Буга дагы эле баягы ичкилик, жетишпеген турмуш, жумушсуздук себепкер. Бирок, кандай гана кырдаал болбосун үйдүн куту болгон айымдарды сыйлаганды, азыркы заманда он эсе көбөйгөн алардын түйшүгүн дагы түшүнгөндү үйрөнсөк. 

Учурда, аялдар үйдүн гана тиричилигин кылбастан, эшикте дагы кошо жүгүрүп, канчалаган үй-бүлөлөрдү багып келишүүдө. Колдон келсе, эркек өз жоопкерчилигин толук мойнуна алып, ушул өмүрүн, бүтүндөй ой-тилектерин ага байлап, анын үй-бүлөсүнө келип ак кызматын кылып, уул-кыздарын төрөп берген жубайын барктап, баалай билсе турмуштун арабасын тартуу дагы бир кыйла жеңил болмок го деген ойдомун.

Намыстуу камкор мырзанын аялы менен кыздарынын көздөрү жанып, көкүрөктөрү өзүнөн – өзү эле жаркып турат. Аял-ыйык зат. Ал өмүрдү, жылуулукту, боорукердикти, аруулукту тартуулайт. Кандай гана кырдаал болбосун, кандай гана оорчулук, кыйынчылык башка келбесин жакындары үчүн, балдары үчүн белин бекем бууп, бардыгын көтөрүүгө даяр. Сабырдуулук, кечиримдүүлүк, энелик сүйүү менен бардыгын жеңе алат. 

Кыргыз элинин жан дүйнөсү дал ушул аялзатынын улуулугу, ар-намысы, кечиримдүүлүгү менен ачылып, бааланат.Аялзатынын үй-бүлөдөгү ролунун маанилүүлүгүн эч ким тана албаса керек. Үйдүн куту, жанып турган очогу аял кишиге гана таандык. Өзгөчө келечек муунга таалим-тарбия берүү жоопкерчилигинин басымдуу бөлүгү дагы биздин сүйүктүү айымдарыбызга тиешелүү болуп келет. 

Ошондуктан, татыктуу коомду тарбиялоодо алардын орду зор. Ар бир ийгиликтүү инсандын, уул-кыздардын жетишкендиктеринин артында апасы, жубайы турат эмеспи. 

Ушул учурдан пайдаланып, бардык биздин сүйүктүү айымдарды келе жаткан 8-март эл аралык майрамы менен чын дилимден куттуктап кетмекчимин. Мен сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Ар дайым ойлогон ой-максаттарыңыздар ишке ашсын! Сиздер сүйүктүү, бактылуу болууга татыктуусуздар!

Динара Ишаева, ишкер айым: «Кыргыз аялдарынын үй – бүлөлүк жүктүн оорун өзүнө албай, жайдары күлүп, өздөрүн аял катары көбүрөөк сезишин каалайт элем»

- Аялзатынын жашооосундагы мыкты маанайга, эң сонун көз ирмемдерге жана дагы жашоодогу жакшы өзгөрүүлөргө болгон үмүткө бай, жаздын чыныгы символу аталган жагымдуу майрам бул - 8-март. Дал ушул мезгилде жаратылыш жанданып, табият көрккө толуп, эл арасын дагы кандайдыр бир жылуулук каптап, мамилелер бекемделип, келечекке карай жаңы пландар, кыялдар пайда болот. 

Аялзатына ар дайым жашоодогу эң кооз, ажайып сөздөр арналып, мыкты чыгармалар жаралып келген. Кыргыздын сөз байлыгында асылзатты, аялзатты даңазалап, анын кадыр-баркын көкөлөткөн кандай гана сөздөр кездешпейт. Чындыгында, биздин айымдар ушундай сөздөргө татыктуу.

Табият аялзатына назиктикти, кажыбас күч-кубатты жана жакындарына жан-дили менен берилгендикти энчи кылып берген. Биз үчүн үй-бүлөлүк салт-санааларды сактап, мурастарды урматтоо башкы милдет. Уул-кыздарыбызды тарбиялоо менен бирге, профессионалдык жана коомдук ишмердүүлүктө дагы ийгиликтерди жаратып, сүйүктүү жубай, жароокер апа, татыктуу ишкер болуп, жетекчилик кызматтарын дагы аркалап жүрөбүз. Ушундай ар тараптуу жоопкерчиликтин алдында да, биз ар дайым сулуу жана назик бойдон калабыз. Биз-аялзат, дүйнөгө кубаныч, тынчтык жана бакубат жашоо тартуулап келебиз.

Ар бир аялзаты өзүн сүйгөндү, баалаганды башкача айтканда барктаганды билүүсү керек. Эгерде өзүңүздөрдү сүйө билсеңиздер анда, ар дайым сулуу жана бактылуу болосуздар. Тегеректеги адамдар да сиздерди урматтап, сыйлап турушат. Ошол себептен бакытка карай алгачкы чоң кадам, өзүбүзгө болгон сүйүүдөн, урматтан башталат.

Тилекке каршы азыркы кезде, 8-мартта гана аялдардын коомдогу орду эскерилип, алардын баркы-баасы тууралуу айтылып калды. Көпчүлүк айымдарыбыз жылуу сөздөрдү, белектерди ушул күнү гана ала алышат. Мен болсо, колдон келсе, айымдардын орду жылына бир гана жолу эскерилбей, ар дайым эсте болсо деп ойлойм. Кыргыз аялдарынын үй – бүлөлүк жүктүн оорун өзүнө албай, жайдары күлүп, өздөрүн аял катары көбүрөөк сезишин каалайт элем. Ал үчүн эже – сиңдилеримдин эмес эркектерибиздин эрктүү, күчтүү эң башкысы намыстуу болушун тилейм.

Кытай мырзалары сүйүктүү апаларын, жубайларын кандай майрамдатышат?

Кытай жергесинде дагы 8 – март майрамы белгилүү майрамдардын бири экендигин көп киши биле бербесе керек. Бирок бизде, Кыргызстанда 8 – мартты жалпы аялзаты, кыз кишилер да майрамдаса, кошуна өлкөдө бул майрам улуу эжелердин же болбосо турмушка чыккан, үй бүлөлүү айымдардын майрамы катары белгилүү. Бул күн Кытай Эл Республикасында официалдуу эс алуу күн катары жарыяланбаса дагы, жумуш күнү кыскартылып, айымдар жарым күн гана иштешет. 

Кытай мырзалары сүйүктүү апаларын, жубайларын кандай майрамдатышат? Майрамдын биринчи белгиси катары соода борборлорунда, интернет дүкөндөрүндө абдан чоң арзандатуулар башталат. Бул күндөрү мырзалардын абдан дыкаттык менен белек тандап жүргөндөрүн көрүүгө болот. 

Мындан сырткары кытай жигиттери дүйнөгө мыкты ашпозчулар катары да таанымал. Катардагы күндөрү жумушта болуп, жакындарына тамак даярдоого убактысы болбогондугу үчүн, майрам күнү сүйүктүүлөрүнө мыкты даам даярдап берүү дагы эң сонун белек болуп эсептелет.

Ал эми кийинки убакта жаштар арасында жубайларына романтикалуу кече уюштуруп, жаңы моделдеги телефон, баалуу зергер буюмдарын же болбосо кымбат сулуулук каражаттарын тартуу кылып жүрүшкөндүгүн көрүүгө болот. 

Кытай Эл Республикасындагы учурдагы кырдаалга, коронавирус илдетине байланыштуу Кытай жаңы жылы дагы өз деңгээлинде белгиленген жок. 8-март дагы өткөн жылдардагыдай өткөрүлүүсү күтүлбөйт. Бирок, быйыл бул майрамга карата эң мыкты белектердин катарын медициналык бет каптар дагы толуктаары белгилүү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)