WeChat      Избранное

Окуучулар 4-чейректи аралыктан окуу менен башташат

31/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Окуучулар 4-чейректи аралыктан окуу менен башташат

Сүрөт интернетттен алынды

31-март күнү Өкмөт үйүндө Билим берүү жана илим министринин орун басарлары Надира Жусупбекова жана Нурлан Өмүров учурдагы кырдаалда республиканын билим берүү тармагы кандай иш жүргүзө тургандыгы тууралуу маалымат жыйынын өткөрүштү. 

Билим берүү жана илим министрлиги учурдагы кырдаалга байланыштуу 2020-жылдын 8-апрелине чейин студенттерди, окуучуларды, бала-бакчаларды каникулга жибергендиги маалым. 

“2020-жылдын 8-апрелинен баштап республикадагы билим берүү системасы балдарды аралыктан окутууга өткөрөт.  Бүгүнкү күндө видео сабактарды көрсөтүү боюнча телеканалдар менен иштешип жатабыз. “Баластан” телеканалынан атайын пайдалуу жана таанып-билүүчү көрсөтүүлөр чыгарылып турат. Алардын ичинде балдарды мектепке даярдоо боюнча 480 сааттык программа жана башталгыч класстардын окуучулары үчүн видео сабактар бар”, - деп белгиледи билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, 5-9-класстардын окуучулары үчүн “Илим-Билим” ЭлТР, “Пирамида” телеканалдарынан видео сабактар көрсөтүлөт. Муну менен эле катар, мугалимдер 16-марттан тарта окуучулар менен Zoom, Whatsapp интернет программалары аркылуу байланыш түзүүдө, мессенджерлерден алар видео сабактардын чыгуу убактыларын жана жүгүртмөлөрүн билдирип турушаары белгилүү болду. 

Ал эми, Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейинки мөөнөткө жылдырылды. ЖРТны өткөрүү мөөнөтүнүн дагы убактысы алмашыла тургандыгы айтылды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)