WeChat      Избранное

Кыргыздарда «ысык жана суук», кытай элинде «алтын тең салмактуулук»

12/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыздарда «ысык жана суук», кытай элинде «алтын тең салмактуулук»

Сүрөт интернеттен алынды

Ден соолук-бул жашоонун булагы. Байлык ашып-ташып, бийлик дүйнөнү дүңгүрөтүп турса дагы ден соолук болбосо, жашоонун маңызы түгөнүп, мааниси кетет эмеспи. Ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүп, аны чыңдоого милдеттүү. Ошондуктан, бүгүн биз канчалаган кылымдарды карыткан кыргыз жана кытай элдеринин ден соолукка болгон мамилесине сереп салып, аны сактоого кылган аракеттери тууралуу сиздерге маалымат берүүнү чечтик.  

Байыркы кытай медицинасы боюнча оору алгач адамдын аң-сезиминде, жан дүйнөсүндө пайда болот

Кытай медицинасы Байыркы Кытай илиминин бир бөлүгү катары, аалам менен адамдын биримдигине жана табият менен жандыктын тыгыз байланышына негизделген. Бул жааттагы илимди мыкты деңгээлде билүү улуу даанышмандыктын белгиси катары каралып, асмандын сүйгөн пендеси катары бааланган. Ошондуктан, кытай медицинасы ар дайым ааламдын адам үчүн белгиленген эрежелерине ылайык оорулардын алдын-алууну, туура тамактанууну, сергек жашоону даңазалап, үйрөтүп келет. 

Заманбап батыш медицинасынан айырмаланып, салттуу кытай медицинасы ооруну алдын-алууга басым жасайт. Коңшу элде ден соолукка кам көрүү, аны чыңдоо жашоонун ажырагыс бөлүгү катары белгилүү. Ошондуктан, «Суусаганда гана кудук казып баштоо, кеч калгандыкты билдирет»,- деп бекеринен айтышпаса керек. Башкача айтканда, чың ден соолукка ээ болуу үчүн туура тамактанып, сергек жашоону көнүмүш адатка айлантуу абзел.  

Байыркы кытай медицинасы боюнча оору алгач адамдын аң-сезиминде, жан дүйнөсүндө пайда болот. Ошондуктан, эң оболу туура ой жүгүртүүнү, жакшы ойлорду ойлоону, табиятты сүйүп, айлана-тегерекке аяр мамиле кылып, жашоонун ар бир көз ирмемдерине ыраазы болуп жашоого үйрөнүү абзел. Бул чың ден соолукта жашоонун башкы билгилеринин бири болуп саналат.

Байыркы Кытайда элдер өзгөчө токтоолугу, сабырдуулугу менен айырмаланган. Алар өздөрүнүн сезимдерин муздак кандуулук менен башкара билишкен. Ошондуктан, алардын ички жан дүйнөсү дагы тынч болуп, кандайдыр бир тең салмактуулук сакталып турган. Бул билгилер конфуций жана даосизм агымдарына таандык. Муну менен бирге эле, ушул билимдер аркылуу адамды эч жеңилгис кылган «алтын тең салмактуулук» абалына чейин даярдоого болот деп ишенишкен. Бул билимдерге ылайык, адам жашоонун бардык аспектеринде чектен ашпай, акыл менен ой калчап, тең салмактуулукту сактай алса, анда ал чың ден соолукка дагы эгедер болуп, бардык кыйынчылыктарды жеңе билет деп айтылган. 

«Алтын тең салмактуулук» түшүнүгү адамдын ички сезимине, жан дүйнөсүнө гана тиешелүү болбостон, кара күч эмгегине дагы таандык болуп саналат. Адам канчалык күч коротуп, кыймылдаса ошончолук деңгээлде организмде кан айлануу жакшырып, жүрөк-кан тамыр системасынын дагы иштеши калыбына келет. Ички органдардын дагы иштөөсү жакшырат. Албетте, бул жаатта дагы көп күч коротуп, катуу чаалыгуу, чарчоо «алтын тең салмактуулуктун» эрежесин бузат. Ошондуктан, бардыгын чени менен аткаруу керек. Ар бир нерсенин чеги бар. 

Кытай эли тамактанууга дагы абдан көңүл буруп келет. Салттуу кытай медицинасында беш даамды чектен ашырбоону сунушташат. Мисалы, абдан туздуу жүрөк-кан тамыр системасына зыян келтирсе, өтө курч тамактар боорго зыян, кычкыл даам болсо көк боордун иштөөсүн начарлатат. Ачуу даам өпкөгө зыян болсо, бөйрөктү таттуу тамак-аштар начарлатат. Ал эми, ашыкча тамактануу семиздикке алып келээрин бардыгыбыз эле билсек керек. Кытай элинин бир өзгөчөлүгү алар сууну абдан көп колдонушат. Кандай гана учур болбосун кайнак суу ичип, организмди тазалоо, маал-маалы менен эс алдырып туруу зарылчылыгы айтылып келет. 

Сергек жашоо тууралуу дагы айта турган болсок, Кытайда ушул күнгө чейин колдонулган ыкмаларды эске сала кетпесек болбос. Мисалы, айтылуу кунг фу, тайжичуан, ушу, цигун ж.б. 

Кунг фу байыркы кытай өнөрү болуп саналат. Ал учурда, бир топ кытайдын муш өнөрлөрүнүн спорт түрлөрүн ичине камтыйт. Тайжичуан дагы алардын катарында. Булар менен машыкканда дене чыңдалып гана тим болбостон, ой да тазарып, таза энергия, тунук ойлоо калыптанып, бардык терс сезимдер жоголуп, адам сабырдуу болууга көнө баштаарын көпчүлүк биле беришпесе керек. 

Муну менен катар эле, бүгүнкү күнү дагы кытай эли, өзгөчө жашы улгайып калган карылардын парктарда чогулуп алып бийлеп, спорт менен машыгып жаткандыгын көрүүгө болот. Чындыгында, турникке ойноп, машыгып жаткан карылар жаштар менен теңтайлаша жарышып, элди таң калтырышат. Бул дагы болсо, коңшу элдин ден соолукка болгон камкордугун,  аны чыңдоого болгон аракетин көрсөтөт десек жаңылышпайбыз. 

Мына, ушундай жолдор аркылуу салттуу кытай медицинасы ооруну болтурбастан, аны алдын-алып сергек жашоону даңазалап келет. 

Дени сак муунду тарбиялоо көчмөн кыргыз коомунун жер үстүндө бакубат тиричилик өткөрүшүнүн эң зарыл шарты болгон

Кыргыздар байыртан эле, бул дүйнөнүн бардык баалуулуктарынын башаты «ден–соолук», таттууларынын таттуусу «жан», турмуштун негизи «амандык», «тирүүчүлүк» деп эсептешкен. Жашоонун бул 3 өзөгүнө өзгөчө көңүл буруп, баалап-барктап келишкен. Негизи эле кыргыз эли деле бүт баарын жаратылыш менен байланыштырган жана табияттын улуулугуна баш ийишкен. Ошондуктан, ден соолукту чыңдоонун бардык аспекттерин дагы табият менен байланыштырып, жаратылыштын берген тартуулары менен чыңдап, ооруларды айыктырышкан.

Кыргыз элинин да ар кандай ооруларга каршы жана ден соолукту сактоо жөнүндө элдик медицинасы көп кылымдан бери сакталып келген. Көбүнчө ден соолукту чыңдоодо кыргыздар чөптөн ар кандай даары дармектерди жасап, анан аларды кайнатып ичип турушкан. Муну менен катар эле, күчтүү тамактанышып, койдун этин жана, жылкынын чучугун жешип, кымыз ичишип, таза абада эс алышкан.  Ошондуктан, илгерки тоодо жашаган кыргыздар узак өмүр сүрүшүп, көп оорушкан эмес. 

Кыргыздардын жерлеген аймактарынын шaрттaрындa тaмaкты мүнөзүнө жaрaшa ылгaп ичүү жaнa өзүнүн тaбын дa эскe aлуу мeнeн тaмaктaнуу зoр мaaнигe ээ бoлгoн. Байыртан биздин элде aдaмдын дeн сooлугунун нaчaрлaшынын нeгизги сeбeбин дeнeдeги «ысык жана суук» деп аталган карама-каршы эки бaштaлмaнын тeң сaлмaктуулугунун бузулушу менен байланыштырышкан. 

Ошондуктан бeйтaп aдaмдaрдын тaмырын кaрмaгaн тaбып, ooрунун сeбeбин aныктaп, «суугу aшып» кeткeн бoлсo, ысык тaптуу, aл эми «ысыгы aшып» кeткeн бoлсo, суук тaптуу тaмaк берип дaрылoo жoлун сунуш кылган. 

Кыргыздар бир кыйлa жaпaйы өсүмдүктөрдү жaшылчa oрдунa кoлдoнуу aркылуу тaбияттaн түздөн-түз aлынa тургaн витaмин жaнa минeрaлдaрдын ден соолук үчүн маани-маңызын мыкты түшүнүшүп, экoлoгиялык жaктaн тaзa, тaбигый шaрттaрдa жeтилгeн жaпaйы бaдaлдaрдын мөмөлөрүнөн дeн сooлук үчүн кeрeктүү зaттaрды aлуу тaжрыйбaсынa ээ бoлушкaн.

Байыртан жаш балдардын ден соолугун сактоо жана чыңдоо ар качан көздүү билерман адамдарга карата муктаждыкты жараткан. Ошонун негизинде кыргыз элинде илгертен табыпчылыктын тамырчы, канчы, терчи, учуктоочу, дарымчы, тилмечи, кайрычу сыяктуу багыттары өнүккөн. Алар малдын ички органдарынан же жапайы талаа чөптөрүнөн дарыларды өз колу менен жасашкан.

Кыргыз элинде туура тамактануунун дагы мааниси зор болгон. Ар бир тамактын өз орду, жей турган маалы, ден соолукка тийчү жакшы таасири бар. Жазында ата-бабаларыбыз ак ичишкен, андан тышкары жайлоодо өскөн ышкын сыяктуу чөптөрдү жешкен. Күч-кубат берүүчү суусундук катары сөзсүз кымыз, бозо ичишсе, этти сиңирүү үчүн сорпого сүзмөдөн эзип кошуп, ак серке кылышкан. 

Дан өсүмдүктөрүндө дагы касиет бар. Таруу, өнгөн буудай ысык деп аталат, алар адамга кубат берүү жагынан чоң таасирин тийгизет, тамакты да жакшы сиңиртет. Саламаттыгыбызды сактайлы десек, чайды азайтып, кымыз, айран, чалап, жарма, максым, бозо сыяктууларды ичип, дандын өзүн күнүмдүк тамак-ашка киргизүүбүз зарыл. Жандыктын күч-кубатын алдырбаш үчүн нанды аз жеш керек. Кыргыздар ачыткы кошуп бышырылган нанды көп жешкен эмес. Алар чабаты, калама салып жешкен. 

Муну менен бирге эле, кыргыздын улуттук оюндары дагы ден соолукту чыңдап, сактоодо чоң ролду ойноп келген. Мисалы, ордо оюну шамдагай, кыраакы, эпчил, ыкчамдыкты, амалкөйлүктү үйрөтүү менен бирге эле,  байкоо сезиминин өсүшүнө, дененин чымыр болушуна өбөлгө түзөт. Бул оюндар байыртадан эле калыптанган жана кылымдар бою «инсанды» тарбиялоодо жана дени сак улутту сактоодо өтө маанилүү орунду ээлеп келген.

Кыргыз эли ар качан дени –сак жашоо образын аздектөөгө, ден-соолукту сактоого өзгөчө көңүл буруп, маани берип келишкен. Суу менен дарылоо ыкмасы дагы эл арасында кеңири тараган. Бизде дагы жан дүйнө менен дене саламаттыгы эриш-аркак болуп, тең салмактуулукту сактоо маанилүү болгон.

Ырасында эле, дени сак муунду тарбиялоо көчмөн кыргыз коомунун жер үстүндө бакубат тиричилик өткөрүшүнүн эң зарыл шарты болгон. Кыргыз элинин катаал турмуштук шарттарга карабай этнос катары сакталып, башка улуттар менен тең ата даража күтүп жашап келиш себептеринин бири да алардын жашоо тиричиликти, өмүрдү, ден соолуктуу баалоо, чыңдоого байланыштуу маданий салттарынын бекемдиги менен байланыштырып кароого болот. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)