«Парламентаризм сабактары» - коронавирус жана Кыргызстан-Кытай алакасы
Сүрөт интернеттен алынды
26-февраль күнү кезектеги Жогорку Кеңештин жыйынында Кытай Эл Республикасында болуп жаткан коронавирус кырдаалына байланыштуу Кыргыз Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымат алуу сунушу айтылган. Мына, ушул ойду улай КРдин Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматы тарабынан даярдалган «Парламентаризм сабактары» программасынын күндеминде дагы ушул маселе талкууга алынды.
Бардыгыбызга белгилүү болгондой «Парламентаризм сабактары» Кыргызстанда болуп жаткан окуяларды эл өкүлдөрүнүн, тиешелүү ведомстволордун жетекчилери менен талкуулап келген коомубуздагы белгилүү программалардын бири. Муну менен эле катар, ал жер-жерлерге дагы барып, аймактардагы элдердин көйгөйлөрү менен дагы ЖК депутаттарын жакындан тааныштырып келет.
Жогоруда айтылгандай, программанын бул санында учурда бүтүндөй дүйнөнү сестентип жаткан коронавирус кырдаалы боюнча КР ЖКнын депутаттары: Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтошев, Абдывахап Нурбаев жана Таабалды Тиллаев катышышты.
Программанын алып баруучусу, Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу ЖК депутататтары эмне себептен коронавирус маселесин козгоп, Өкмөт өкүлдөрүн чакыруу сунушу менен кайрылышкандыгын тактап, бул кырдаал Кыргызстандын экономикасына кандай таасир тийгизүүсү мүмкүн деген суроосу менен кайрылды.
Муну менен катар эле, ал: «КЭРде коронавирус илдетинин табылышы менен дүйнөдө Кытайга, кытай элине каршы кандайдыр бир дискриминациялык өнөктүк пайда болуп, бул кырдаал Кыргызстандагы кытай инвесторлоруна дагы таасирин тийгизүүсү мүмкүнбү, тийгизсе ага терс таасир бербөөсү үчүн кандай чараларды көрүүбүз зарыл», - деп дагы суроо узатты.
Эмил Токтошев, КР ЖК депутаты: «Коронавирустун алдын-алуу иш-чараларын өткөрүүгө бюджеттен 30 миллион сом бөлүнүп берилген» (ПОДЗАГОЛОВОК)
-Учурда, коронавирус илдети дүйнөгө өтө тездик менен жайылууда. Көптөгөн мамлекеттерди каптап, Түштүк Корея, Италия, Иранда дагы бул абал күндөн-күнгө курчуудо. Ошондуктан, бул багытта Кыргызстандын Өкмөтүндө кандай иштер жасалып, кандай чаралар көрүлүп жаткандыгын жакындан билүү максатта ушундай сунуш киргиздик. Элибиз дагы кооптонуп жатат. Чындыгында, кооптонууга себеп бар. Бизде медикаменттер барбы, медициналык бет каптар жетиштүүбү, чет жерден келген жарандар, коронавирус кырдаалы күчөп жаткан аймактардан келгендер кандай текшерилүүдө? Мына, жалпысынан ушул суроолорго жооп алуу максатында бүгүн биз бул теманы Жогорку Кеңештин күн тартибине киргиздик.
Бизде иштеп жаткан кытай жарандарынын көпчүлүгү өз жаңы жылынын алдында КЭРге кеткени белгилүү, алар учурда Кыргызстанга кайра киргенде текшерүүдөн кандай өтүп жаткандыгын дагы тактап билүү заман талабы.
Муну менен катар эле, эки жума мурун Бюджет жана финансы комитетинде Өкмөт өкүлдөрү келгенде коронавирустун алдын-алуу иш-чараларын өткөрүүгө бюджеттен 30 миллион сом бөлүп бергенбиз. Бул акча-каражаттарына кандай медикаменттер алынып, кандай багытта колдонулуп жаткандыгы боюнча так маалымат алууну көздөөдөбүз.
Чындыгында, КЭРдеги кырдаал биздин экономикага сөзсүз түрдө өз таасирин берип жатат. Ошондуктан, Өкмөттө кошумча жасалчу иштер мүмкүн кыскартылат.
Абдывахап Нурбаев, КР ЖК депутаты: «Биз эле эмес, биздин кошуна өлкөлөрдүн көпчүлүгү эле Кытайга көз каранды » (ПОДЗАГОЛОВОК)
-Азыркы убакта бул илдеттин алдын-алуу иштерин көп жүргүзүү зарыл. Мисалы, Бишкекте мектеп окуучулары арасында коронавирус боюнча маалымат берилип, андан коргонуу жолдору айтылууда, түшүндүрүлүүдө. Ал эми, жер-жерлерде, айылдарда мындай иштер жүргүзүлбөй эле тургандыгы маалым болду. Бул багытта иштерди көбүрөөк жүргүзүү керек.
Такталган маалыматтарга ылайык, бул илдет менен карылар, иммунитети начар адамдар ооруйт экен. Учурда, бул илдет дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө дагы кездешип жатат. Ошондуктан, КЭР менен гана эмес, башка мамлекеттер менен дагы байланышты көзөмөлгө алуу абзел.
Ал эми, экономика темасына келсек, Биз эле эмес, биздин кошуна өлкөлөрдүн көпчүлүгү эле Кытайга көз каранды. Бирок, ошого карабай биздин Экономика министрлиги башка бир жолдорду, кээ бир мүмкүнчүлүктөрдү кароосу зарыл. Биздин өзүбүздүн ишкерлерге кандайдыр бир Кытайдан келип жаткан товарлар келбей калса, ага өндүрүш иштерин токтотпостон улантып кетүүсү үчүн жеңил суммадагы акча-каражаттары менен жардам көрсөтүүсү керек. Анткени, жумуш токтоп калса, бюджетке дагы акча түшпөстөн, жумушсуздук көйгөйү пайда болмокчу. Мына, ушундай абалдардын алдын-алуу үчүн Өкмөт тез арада ишкерлер, өндүрүш ээлери менен сүйлөшүп, өтө керектүү нерселерге акча-каражатынан жардам берүүсү абзел.
Чындыгында, коронавирус кырдаалы кытай инвесторлоруна дагы терс таасирин тийгизип жатат. Эгерде, алар оорубай, текшерүүдөн таза чыгышса аларга иштөөгө шарт түзүп берүү керек. Баары бир эле, иш токтоп калса анын оорчулугу элге эле тийип жатпайбы.
Таабалды Тиллаев, КР ЖК депутаты: «Негизинен биздин мамлекетти, экономикабызды колдоп келе жаткан бул Кытай Эл Республикасы» (ПОДЗАГОЛОВОК)
-Коңшу мамлекетте болуп жаткан кырдаал сөзсүз түрдө Кыргызстандын экономикасына өз таасирин тийгизүүдө. Ошондуктан, биздин Экономика министрлигинде дагы бул багытта кандай иштер аткарылып жаткандыгы маанилүү. Кандай чаралар көрүлүүдө. Себеби, биздин бюджеттин 70%ы, өзгөчө бажы тармагы Кытайга байланышкан. Кытайдан кирген товарлардан биз бажы төлөмдөрүн алабыз. Салык кызматынын деле көпчүлүк бөлүгү ушуга тийиштүү.
Бүгүнкү күндө биздин маалымат боюнча 1-2 айдын ичинде 2 млрд сомдон ашык акча бюджетке түшпөй калды. Бул Кытай менен чек аранын жабылуусуна түздөн-түз тиешелүү. Анткени, ал жактан эч кандай товар кирбей эле турат. Эгерде, мындай абал 3-4 айга созулса кандай жоготуулар болот? Андан сырткары, азык-түлүк коопсуздугу, курулуш иштери башталды, кайра иштетүүчү ишканалар дагы негизинен Кытайга көз каранды. Мына, ушул жаатта кандай иштер жүргүзүлүп, кандай алдын-алуу чаралары болуп жаткандыгын тийиштүү мамлекеттик органдардан сурап-тактап билүү, элге толук кандуу маалымат жеткирүү заман талабы.
Чындыгында, бюджетти бекитип, Өкмөттүн программасын кабыл алып жатканда чоң-чоң долбоорлорду жүзөгө ашырууга акча-каражаттары бөлүнгөн да. Бирок, абал курчуп, бюджетте каражат жетишсиздиги пайда болсо, бир катар иш-чаралар токтотулуп, долбоорлор дагы кийинки учурларга жылдырылуусу зарыл деген маселелер болуусу керек.
Кытай инвесторлору тууралуу айта турган болсок, мына жакында эле Ат-Башыдагы логистикалык борбордун курулушунун тегерегинде дагы бир катар иштер болуп өттү. Бул жерде тийиштүү мамлекеттик органдардын чабалдыгы болуп калды. Алар эл менен иштешип, калк арасында түшүндүрүү иштерин жеткиликтүү жүргүзүп, керектүү маалыматты бере албады. Кандайдыр бир деңгээлде бул иштер саясатка айланып кетти.
Кыргызстан Эл аралык уюмдардын мүчөсү, эл аралык келишимдер, мыйзамдар бар. Биз буларды унутпашыбыз керек. Мындан сырткары, тарыхта деле биз эч качан Кытай менен жер талашкан эмеспиз, кагылышуу болгон эмес. Мындан кийин деле болбойт деп ойлойм. Себеби, чек араларыбыз такталган, бул жаатта эч кандай көйгөй жок.
Кытай элинин, Кытай Эл Республикасынын бизге кылган жакшылыгы дагы эсибизде болушу керек. Ал азыркыга чейин өз жардамын берип келе жатат. Мисалы, Бишкек шаарына жылына 100 миллион юань көлөмүндө кайтарымсыз грант берип келет. Мындан сырткары дагы, бир топ бизге мамлекет аралык жардамдарды берип келе жатат.
Кандай насыя алынбасын аны төлөө жолдору дагы каралып, программалары иштелип чыгат. Кытай Эл Республикасы менен иштешүүбүз абзел. Биз кызматташпай койсок, ошол эле Казакстан, Тажикстан, башка өлкөлөр иштеше берет. Биз коңшу мамлекет менен достук мамилебизди чыңдап, мындан ары дагы кызматташуубузду өнүктүрүүбүз заман талабы. Колдообуз керек, бирок Өкмөт ачык элге айтып, түшүндүрүү иштерин толук кандуу жүргүзүүсү зарыл.
Бардыгы ачык-айкын болуп, маалыматтар кенен берилүүсү керек. Негизинен биздин мамлекетти, экономикабызды колдоп келе жаткан бул Кытай Эл Республикасы. Алардын инвесторлоруна дагы ушундай мамиле кыла бере турган болсок, ал жакшы жыйынтыкка алып келбейт.
последние
Рекомендация
- 1Без женщин жить нельзя на свете, нет
- 28-март – очок ээси, үйдүн куту болгон асылзат айымдардын майрамы
- 3Коронавирус пошел на спад
- 4Замминистра МИД КР рассказал граждане каких стран временно не могут въехать в Кыргызстан.
- 5Дастан Догоев: «Санарип экономиканын алкагында – салыктык процедураларды фискалдаштыруу электрондук форматка өткөрүлүүдө»