WeChat      Избранное

Дастан Догоев: «Санарип экономиканын алкагында – салыктык процедураларды фискалдаштыруу электрондук форматка өткөрүлүүдө»

27/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Дастан Догоев: «Санарип экономиканын алкагында – салыктык процедураларды фискалдаштыруу электрондук форматка өткөрүлүүдө»

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жыл КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан «Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы» деп жарыяланды. Бардыгыбызга белгилүү болгондой 2019-жыл  «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» катары белгиленген. 

Быйыл дагы өлкөнү санариптештирүү иштерине басым жасалып уланып жаткандыктан, 2019-жылы бул багытта кандай иштер аткарылып, кандай жетишкендиктер болгондугу тууралуу толук маалымат алуу максатында Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Догоев Дастан Давлетовичке кайрылдык. Дастан Давлетович, комитеттин жалпы ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, анын 2020-жылдагы пландары менен дагы ой бөлүштү. 

-«Санарип Кыргызстан 2019-2023-жж» санариптик трансформациялоо концепциясынын Жол картасын ишке ашыруунун бир жылдык жыйынтыктары тууралуу маалымат бере кетсеңиз, пландар аткарылдыбы?

-2019-2023-жылдар мезгилине карата «жол картада» жалпы 119 маселени ишке ашыруу каралган, алар 245 иш-чарага бөлүнгөн. «Жол картаны» ишке ашыруунун жалпы мөөнөтүнө пландалган иш-чаралардын жалпы санынын ичинен 89 иш чараны (45%) 2019-жылда ишке ашыруу пландалган. 

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору тарабынан «жол картада» пландалган иш-чаралардын жалпы санынын ичинен өлкөнү санариптик трансформациялоонун ченемдик укуктук базасын иштеп чыгууга, маалыматтык системаларды жана маалыматтык базаларды иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө, ошондой эле алардын өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылууга багытталган 44 иш- чара аткарылган. Андан тышкары бүгүнкү күнү 13 иш-чара аткарылууда. Жол картадагы маселелерди бирдиктүү координациялоо максатында республикалык штаб түзүлгөн. 

Республика боюнча 56 шаардык жана райондук штаб түзүлгөн. Республикалык бюджетте 2019-жылга карата санарип экономикага каралган 500 миллион сомдун ичинен 309 миллион сом бөлүнгөн. Бул суммадан 2019-жылда “жол картада” бекитилген долбоорлорду ишке ашыруу каралган.

-«Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму тууралуу дагы кенен айтып берсеңиз?

-КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 4-июлундагы № 340 «Санариптештирүү чөйрөсүндөгү КР мамлекеттик ишканаларын уюштуруу жана башкаруу маселелери жөнүндө» токтому кабыл алынган ага ылайык «Түндүк» МИ Уставы бекитилген, анда электрондук башкаруу процессин ишке киргизүү процессин техникалык координациялоо жана ишке ашырууну камсыз кылуу, анын ичинде Электрондук билдирүүлөр мамлекеттик системасын, Бирдиктүү идентификациялоо системасын, Электрондук башкаруу инфраструктурасынын реестри, Базалык маалыматтык ресурстар реестри, жана башка мамлекеттик маалыматтык системаларды иштеп чыгуу, пайдалануу жана администрациялоо боюнча, ошондой эле акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдү жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктар бекитилген. 

Ошондой эле, «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук ɵз ара аракеттенүү тутумун натыйжалуу ишке киргизүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Ɵкмɵтү тарабынан Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук ɵз ара аракеттенүү борбор» мамлекеттик ишканасы түзүлгɵн. ( «ЭАБ» МИ). 

«ЭАБ» МИнин максаты мамлекеттик органардын, жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардын электрондук форматта мамлекеттик жана муниципалдык кызмат кɵрсɵтүүлɵрдү жана электрондук башкарууну жүзɵгɵ ашыруу учурундагы ɵз ара электрондук аракеттенүүнү камсыздоо эсептелет.

Мамлекеттик органдардын ортосунда маалыматтарды электрондук алмашуу үчүн шарттар түзүлгөн, 63 мамлекеттик орган жана 28 коммерциялык уюм «Түндүк» ЭВӨС туташтырылган, 40 мамлекеттик орган жана 16 коммерциялык уюм маалымат алмашуу жүргүзүүдө.

-Учурда, көптөгөн мамлекеттик мекемелерде санариптештирүү жигердүү киргизилүүдө. Бул жылы кайсы тармактарда ийгиликтүү жүзөгө ашырылды?

-Санариптештирүү боюнча алгачкы жетишкендиктер: бүт өлкө интернетке кошулууда, билим берүү мекемелери: «Кыргызтелеком» ААК тармактарына 660 мектеп туташтырылган, Wi-Max технологиясы боюнча (өткөргүчсүз туташтыруу) 775 мектеп, 671 мектеп Интернет тармагына альтернативдик ыкма (ADSL, модем ж.б.) менен туташтырылган. –саламаттык сактоо уюмдары: 742 уюм туташтырылган; - жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары 345 айыл өкмөтү.

Жарандарга электрондук мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр-жакшырууда: 510 сервис ишке ашырылган. 13 маалымкат автоматташтырылып, мамлекеттик органдардын ортосунда 24,3 млн жолу электрондук форматта маалымат алмашуу жүргүзүлгөн, бул - бюрократияны азайтуу, табыштамаларды кагазга жазууну жана басып чыгарууну кыскартуу мүмкүнчүлүгүн берген, натыйжада мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү процесси тездетилген; 

Порталда азыркы учурда 181 мамлекеттик кызматтар жана 10 сервистер электрондук түрдө өтүнмөлөрдү берүүгө жеткиликтүү (идентификациялык салык номери боюнча маалыматтарды, ишкананын жана ишкердин карызы жѳнүндѳ маалымат берүү, ID-card жана жалпы жарандык паспорттун даярдыгын текшерүү, жол кыймылынын эрежелерин бузуу боюнча айып пулду текшерүү жана «Carchek» транспорт каражатынын статусун билүү.)

Жалпысынан порталда 191 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис жеткиликтүү. Уюлдук байланыш операторлорунун («Альфа Телеком» ЖАК, «НУР Телеком» ЖЧК, «Дос-Кредобанк» ААК, «РСК Банк» ААК, «Скай мобайл» ЖЧК, «Керемет Банк» ААК) мобилдик тиркемелери аркылуу кызмат көрсөтүүлөрдү санариптик форматта берүү үчүн мамлекеттик жана жеке сектордун маалыматтык системаларын интеграциялоого багытталган «Мамлекет платформа катары» долбоорун ишке ашыруунун алкагында 85 мамлекеттик кызмат көрсөтүү жана сервис ишке ашырылган. Транспорттук каражат жөнүндө көчүрмө алуу түрүндөгү жаңы сервис ишке киргизилген. «Мамлекет платформа катары» долбоору инновациялык долбоор экендигин жана региондо буга окшош долбоорлор жок экендигин баса белгилеп кетүү керек.

Санарип экономиканын алкагында – салыктык процедураларды фискалдаштыруу электрондук форматка өткөрүлүүдө. Бул багыттагы Өкмөттүн иши – 2020-жылдагы негизги иштерден болот.

Санариптештирүү процессине калктын ишенимин жогорулатуу инструменти катары жана кибер коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын комплексин концептуалдуу бекемдөө максатында 24.07.2019 ж. өлкөнүн 2019-2023-жылдарга карата кибер коопсуздук стратегиясы бекитилген. Экинчиден – сот системасы, прокуратура жана укук коргоо органдары санариптешүү процессине өткөрүлүүдө (ЕРПП, ЕРН, онлайн соттук процесстер ж.б.).

Санариптештирүүнүн дагы бир багыты, быйылкы жылдагы эң чоң жеңиши – «Коопсуз шаар» долбоору. Долбоордун биринчи этабынын алкагында Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн жол кесилиштеринде 38 жана Бишкек шаарынын тез ылдамдык чегинде 4, Чүй областынын стационардык тез ылдамдык чегинде 48 жана 20 көчмө аппараттык-программалык комплекс орнотуу пландалган. 2019-жылдын 12-февралынан 12-майына чейин план боюнча бардык жерлерде аппараттык-программалык комплекстер орнотулган. Ташып келүүчүлөр АПК орнотуу үчүн ыйгарым укуктуу органдардан бардыгы уруксат документтери алышкан. 

2019-жылы Комитет тарабынан долбоордун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча жумуштар аткарылган, анда Кыргыз Республикасынын бардык аймагын - 7 облусу, республикалык маанидеги 2 шаарды, облустук жана райондук маанидеги 15 шаарды, 73 калктуу конушту камтуу пландалган. 

Долбоордун экинчи этабынын алкагында республика толук бойдон камтылат. 2019-жылдын 8-октябрында (МТБМК) «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча жеңүүчү компания Shenzhen Sunwin Intelligent Co. Ltd менен келишим түзүлгөн. Долбоордун экинчи этабын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын аймагында 306 түйүндү (266 стационардык жана 40 көчмө) аппараттык-программалык комплекстер менен камсыздоо пландалууда. Жол кыймылынын эрежелерин бузууга айып салуу жана алынган каражаттарды бөлүштүрүү механизмин иштеп чыгуу менен бирге «Коопсуз шаар» долбоору активдүү ишке ашырылып жатат. Ошондой эле, борбор шаардын жолдорундагы жана көчөлөрүндөгү абалга мониторинг жүргүзүү үчүн командалык борбор түзүлгөн.

Бажы тармагында салмак габарит параметрлери боюнча маалымат алмашуу үчүн «Электрондук транспорттук контроль» пилоттук долбоору ишке киргизилген. «Түндүк» системасы аркылуу маалыматтык системаларды интеграциялоо жана товарларга контроль жүргүзүү, ошондой эле ишкерлер товарларды ташып келүүдѳ бажы жана салмак габариттик контролдон ѳтүп жаткан учурда туш болгон керексиз процедураларды жоюу үчүн координациялоочу жумуштар аткарылууда. КР салык кызматы жана Кыргыз КР бажы кызматынын ортосунда салмак габарит системасынын маалыматтары (жүктөр жана транспорттук каражаттар) боюнча «Түндүк» системасы аркылуу интеграциялоонун биринчи этабы өткөрүлгөн. Ачык маалыматтар мамлекеттик порталы мамлекеттик жана расмий тилде иштелип чыккан, ал data.gov.kg. дарегинде жайгаштырылган, анда 608 документтештирилген малыматтар топтому жайгаштырылган, ошондой эле жарыяланган маалыматтардын топтомуна шилтемелер берилген. Портал 4 машиналык окуу форматында маалыматтар топтомун көчүрүп алуу, алдын ала көрүү, жана конкреттүү маалыматтар топтомуна жазылуу мүмкүнчүлүгүн берет. 

Ошондой эле, порталды тышкы колдонуучулар менен кайтарым байланыш жана уникалдуу колдонуучулардын порталга кирүүсүнүн статистикасын жүргүзүү, жалпы саны жана өлкөлөр боюнча статистика жүргүзүү механизми уюштурулган. Порталга уникалдуу кирүүчүлөрдүн саны 40 миңден ашык. 

«e-Kyzmat» адам ресурстарын башкаруу МС менен интеграцияланган «Мамлекеттик органдардагы электрондук документ жүгүртүү» МС иштеп чыгуу жана ишин камсыз кылуу, улуттук коопсуздук, аскер жана тышкы саясий ведомстволордон сырткары. Электрондук документ жүгүртүү системасы 72 КР мамлекеттик органында анын ичинде алардын ведомстволук уюмдарында ишке киргизилген жана 63 мамлекеттик органда анын ичинде алардын ведомстволук жана аймактык уюмдарында тесттик режимде орнотулган.

-Сиздердин мамлекеттик комитет тарабынан кандайдыр бир долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу иштери кандай жүрүп жатат?

-Комитеттин жетекчилигинин эл аралык жана коммерциялык эмес уюмдардын ѳкүлдѳрү менен, чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана чет элдик жеке компаниялардын ѳкүлдѳрү менен «Санарип Кыргызстан» санариптик трансформациялоо улуттук программасынын алкагында эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарын жана келечектерин талкуулоо жана маалыматтык технологиялар жана телекоммуникациялар жаатындагы кызматташуу маселелери боюнча пикир алышуу максатында эки тараптуу жолугушууларын үстүбүздөгү жылы уюштурууну жана ѳткѳрүүнү пландоодобуз. 

-Комитет Кытай Эл Республикасы менен кызматташабы, бул жаатта эки мамлекет ортосунда жүзөгө ашырылган долбоорлор барбы?

-Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын коңшусу гана эмес, ар тараптуу стратегиялык өнөктөшү. Долбоорлордон жогоруда айтылган «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын айтып кетсек болот. Алдыда, дагы бир катар багыттарда кызматташуу алакаларын өнүктүрмөкчүбүз.

-Санариптештирүү багытында кайсы тармак инвесторлорго муктаж? 

-Негизинен бардык тармактар инвестицияларга муктаж. Өзгөчө белгилей кетчү тармактар: социалдык тармак жана коопсуздук багыттары.

-Үстүбүздөгү жылы аткарыла турган иштер тууралуу кыскача маалымат берип кетсеңиз?

-«Санарип Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасында», Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 20- апрелиндеги № 2377-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2023-жылдарга планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019- жылга иш-аракеттер планында белгиленген милдеттерди өз убагында аткаруу боюнча чаралар көрүлөт.

Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу инфрасруктурасын өнүктүрүү үчүн, байланыш жана маалыматтык технологиялар тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында КР Мыйзамдарынын, КР Өкмөтүнүн токтомдорунун, буйруктарынын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун даярдоо жана илгерилетүү боюнча жумуштар улантылат.

«Электрондук башкаруу» долбоорунун инфраструктурасын өнүктүрүү максатында  бекитилген иш-чаралар планына ылайык МКТ-долбоорлорун ишке киргизүү боюнча жумуштарды улантуу, «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасын өнүктүрүү, «Коопсуз шаар» долбоорунун 2-этабын ийгиликтүү ишке ашыруу жакынкы пландарыбыз болуп саналат. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)