WeChat      Избранное

Айсулуу Мамашева: «Бул чындап эле, дүйнөнү, ой жүгүртүүнү өзгөрткөн оору болду»

27/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Айсулуу Мамашева: «Бул чындап эле, дүйнөнү, ой жүгүртүүнү өзгөрткөн оору болду»

Сүрөт интернеттен алынды

Азыркы тапта, бүтүндөй дүйнө эли COVID-19 коронавирус көйгөйүн талкуулоодо. Кытай Эл Республикасы болсо, өз кезегинде жеке гана кытай элинин ден соолугу, коопсуздугу үчүн ыкчам аракеттерди көрбөстөн, жалпы дүйнө калктарынын саламаттыгы үчүн алдын-алуу иштерин жүргүзүп, кадам сайын ийгиликтерди багынтып келүүдө. 

Мына, ушул теманы улай биз дагы КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Айсулуу Мамашева менен маек курдук. Маекте жеке гана COVID-19 коронавирус көйгөйү айтылбастан, жалпы эле кыргыз-кытай алакасына сереп салынып, Шанхай кызматташтык уюму тууралуу дагы сөз козголду. 

-Акыркы жылдардагы кыргыз-кытай кызматташуу алакаларына кандай баа бересиз?

-Чындыгында, акыркы жылдары эки коңшу мамлекеттин кызматташуу алакалары жакшы бир деңгээлде өнүгүүдө. Кыргызстан-Кытай эки тараптуу мамилесинин чыңдалышынын негизинде соода-экономикалык жана инвестиция тармагындагы карым-катнаштар ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда. 

Акыркы жылдары, экономикалык кызматташуунун перспективдүү багыттары болуп: инфраструктура, транспорт, энергетика,  тоо-кен өнөр жай, аймактар аралык жана чек аралык кызматташуу тармактары эсептелип, бул жааттарда бир топ өнүгүү бар.

Мындан башка, эки элдин тоо-кен өнөр жай тармагы, туризм, энергетика, текстиль өндүрүшү  жана айыл чарба тармагындагы инвестициондук кызматташуунун дарамети бардыгыбызга белгилүү.

Экономика алкагынан сырткары, биз Кытайды башкы өнөктөш катары көрүү менен бирге, аны менен ар качан  биргеликте инвестициондук долбоорлорду өнүктүрүүгө, өз ара соода-сатык алакасын кеңейтүүгө кызыкдарбыз. Бул багыт өзгөчө, биздин ЕАЭБге мүчө болуп киргенибизден улам дагы аткарылууга, өнүгүүгө милдеттүү. Анткени, учурда, Кыргызстанда соода-сатык рыногу чоңоюп, анын актуалдуулугу жогорулады. Ошондон, улам эки тарапка тең пайда алып келе турган долбоорлорду ишке ашыруу заман талабы.

2019-жылдын 14-июнь күнү бизде Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги саммити болуп өттү. Ага уюмга мүчө 8 өлкөнүн башчысы жана байкоочу мамлекеттердин президенттери катышты. ШКУ дагы эл аралык соода мамилелерин бекемдеп, экономикалык алаканы өнүктүрүүгө зор салымын кошуп келет. Мындан сырткары, мамлекеттердин ортосундагы айыл чарба, медицина жаатындагы карым-катнашты дагы бекемдөөдө. Бул жааттан алганда дагы ШКУ кыргыз-кытай байланышын чыңдоого көмөкчү болууда. 

-«Бир алкак – бир жол» демилгеси Кыргызстан үчүн кандай мүмкүнчүлүктөрдү ача алат?

-Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталып, колго алынган «Бир алкак – бир жол» концепциясы, ааламдашуу мезгилинде, Кыргызстан үчүн өнүгүүнүн жаңы жолдорун ачты. Ошондуктан, бул демилге биздин мамлекет тарабынан дагы колдоого ээ болду десек жаңылышпайбыз.

Кыргызстан бул маршрутта географиялык жактан ыңгайлуу жайгашуусу менен катар, долбоордун ишке ашуусуна активдүү катышып келет. Кытай ишкерлери концепциянын түзүп берген мүмкүнчүлүктөрүн толук колдонуп, Жибек жолунун деңиз жана жер үстүндөгү жолдорундагы соода-экономикалык тармактарды кеңейтип, өз ара кызыкчылыктарды коргоо менен инвестициялоо багыттарында терең иш алып барышат деп үмүттөнөм.

Кытай тараптан демилгеленген «Бир алкак — бир жол» долбоору өлкөлөрдүн интеграциясы үчүн маанилүү кадам экендиги шексиз.

Аталган долбоордун алкагында биздин продукцияларды дагы кытай рыногуна киргизүү заман талабы. Менимче, бул планда биздин рынок даяр, экспорттук потенциал жетишерлик чоң. Эгерде сатып өткөрүү рыногу туруктуу болсо, анда бул биздин экономиканы өнүктүрүүгө чоң импульс болуп калмакчы. 

-Сөз соңун, учурда бүтүндөй дүйнөнү ойго салып турган COVID-19 коронавирусуна бурсак. Бул жаатта КЭРдин алып барып жаткан ишине кандай баа бересиз, учурдагы кырдаал Кыргызстандын экономикасына кандай таасир тийгизүүсү мүмкүн? 

-Мен Кытай Эл Республикасынын бийлигинин күтүүсүздөн чыккан коронавирус илдетине байланыштуу көрүлгөн чараларына абдан жогорку баа берем. Көптөгөн шаарларды ыкчам түрдө карантинге алып, эл арасында дагы түшүндүрүү иштерин мыкты деңгээлде жүргүзүп жатышат. Бүгүнкү күндө, карантин болгон шаарлардын тургундары таптакыр үйүнөн чыкпай, дарыгерлердин гана көзөмөлүндө болууда. Коңшу мамлекет коронавирусту сыртка чыгарбоо үчүн гана аракет кылбастан, анын алдын-алып, вакцинасын табуу үчүн дагы жакшы иш-чараларды аткарууда. 

Азыркы тапта бул кырдаал Кыргызстандын гана экономикасына эмес, бүткүл дүйнөлүк экономикага терс таасирин тийгизип жаткандыгы сезиле баштады. Анткени, чек аралардын жабылуусу менен Кытайдан келген товарлар-продукциялардын жетишсиздиги байкалып жаткандыгын көрсөк болот. Өндүрүшкө таандык майда бөлүкчөлөр, техникалар, материалдардын көбү Кытайдан келет экен. Учурда, ушундай кырдаал болуп жаткандыгы үчүн дүйнө жүзүндө көптөгөн завод-фабрикалар, өндурүш ишканалары  жумушун токтотууга аргасыз болууда. Ошондуктан, бул учур сөзсүз түрдө бардыгыбызга абдан чоң таасир тийгизди. 

Биз боордош мамлекет болгондуктан, сөзсүз түрдө бул коопсуздук маселесине дагы көңүл буруубуз зарыл. Коронавирустун андан ары тарап кетпөөсү үчүн жер-жерлерде дагы жигердүү иш-аракеттерди көрүү зарыл. 

Менин оюмча, бул дүйнө жүзүнө чоң сыноо болууда. Биринчи жолу бардыгыбыз Кытай Эл Республикасынан көз каранды болуп калганыбыз тастыкталды. Анткени, чындап эле кытай товарлары бүтүндөй дүйнө жүзүнө экспортко чыгат. 

Кытай элине сабырдуулук тилейм. Бардык жерде аталган илдет талкууланып жаткандыгын көрүүдөбүз. Бул чындап эле, дүйнөнү, ой жүгүртүүнү өзгөрткөн оору болду. Ушундай ыкчам иштеп, аны менен болгон күрөшүн, изилдөөлөрүн бөлүшүп иш алып барып жаткан Кытай бийлигине ыраазычылык билдирем. Алар бул оору менен кандай күрөшүү зарыл экендигин бүтүндөй дүйнөгө көрсөтүп, туура багытта иш алып барып жатышат. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)