WeChat      Избранное

Кубатбек Садырбеков: «Кытай Эл Республикасынын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу, анын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүп жаткандыгын

22/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кубатбек Садырбеков: «Кытай Эл Республикасынын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу, анын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүп жаткандыгын

Сүрөт интернеттен алынды

Өткөн жылдын декабрь айынын аягында КЭРдин Хубэй провинциясында белгисиз инфекция чыккандыгы баарыбызга белгилүү. Ал адистердин изилдөөсүнүн жыйынтыгында коронавирустун жаңы тиби 2019-nCoV вирусу экендиги маалымдалган. Ал эми, 11-февралда аталган илдет Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан «COVID-2019» деген аталышка ээ болду. Учурда, Кытай Эл Республикасы бүл вируска каршы бүтүндөй күч-аракетин жумшап, аны эффективдүү дарылоонун жолдорун издөөдө. Кыргызстан дагы өз учурунда, илдеттин алдын-алуу иштерин жүргүзүп, аны өлкө аймагына киргизбөө үчүн көптөгөн аракеттерди көрүүдө. 

Биздин редакциянын журналистти өлкөдө ушул жаатта аткарылып жаткан иштер менен жакындан таанышып, COVID-2019 вирусу тууралуу кенен маалымат алуу максатында КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штаб катчылыгынынын өкүлү, Саламаттык сактоо министрлигинин «Алдын алуучу медицина» илимий-өндүрүштүк бирикмесинин директорунун орун басары Садырбеков Кубатбек Каныбекович менен маек курду.

- Алгач, учурда дүйнөнү сестентип жаткан 2019-nCoV аталышындагы коронавирустун жаңы тиби тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

- Коронавирус бул вирустук инфекция болуп саналат. Мурун бул вирус менен жаныбарлар гана ооруган. Бирок, бардыгыбызга белгилүү болгондой өткөн жылдын декабрь айынын аягында КЭРдин Хубэй провинциясында жайгашкан Ухань шаарында бул вирус мутация болуп, адамдарга жуккан учуру катталган. Бүгүнкү күнү бүтүндөй дүйнө жүзүндө, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан бул вирусту башка мамлекеттерге таратпастан, локализациялоо тууралуу чечим кабыл алынган. 

Вирус буюм аркылуу жукпайт. Окумуштуулардын маалыматына караганда, вирус 40°С температураны көтөрө албайт  жана  айлана-чөйрөгө туруксуз келет. Ошондуктан, чет өлкөдөн жөнөтүлгөн буюмдар аркылуу коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу жок. Башка коронавирустарды изилдөө тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул типтеги вирустар кат, баштык, почта аркылуу келген буюм-тайымдарда жашай албайт.

Белгилүү болгондой, коронавирус дем алуу учурунда  аба аркылуу же оорулуу адам менен түзмө-түз байланышта  болгондо гана жугат. 

- Коронавирустун бул түрүн алдын-алуу, өлкө аймагына киргизбөө жаатында кандай иштер жүргүзүлүүдө?

- Кыргызстан бул кырдаалдын алкагында бир катар иштерди аткарууда. 28-январдан бери Президенттик, Өкмөттүк аппараттын жетекчилигин алдында Саламаттык сактоо министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтары менен биргеликте системалуу чаралар көрүлүүдө.  

КРдин Саламаттыкты сактоо министрлигинин (КР ССМ) алдында «Коронавирустук инфекция боюнча эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө жана республикага келишинин алдын-алуу чараларын кабыл алуу боюнча» оперативдик штабы ачылган. Муну менен катар эле, 28-январда КР ССМда коронавирус боюнча ыкчам байланыш кызматы ишке киришти.

Аталган илдеттин алдын-алып, аны өлкөнүн аймагына киргизбөө үчүн санитардык-эпидемиологиялык чаралар көрүлүүдө. Чек араларда карантиндик зоналар жарандарды кабыл алууга даяр, убактылуу обсервациялык (байкоо бөлмөлөрү) бөлмөлөр түзүлгөн.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес өлкөлөрдөн келгендердин ар бири термометр жана жогорку дем алуу жолдорунун үлгүлөрүн аныктоо лабораториясынан өтүүдө. Бул иштер Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасына ылайык даярдалган иш-аракеттердин алгоритми боюнча жүргүзүлүүдө. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында, адамды ооруканага жаткыруу, карантинге алуу же болбосо жашаган жерине байланыштуу дарыгердин көзөмөлү менен үйгө чыгаруу чечими кабыл алынат. Албетте, адамдын  КЭРдин кайсы шаарынан келгендиги, кимдер менен байланышта болгондугу дагы такталып суралат. КЭР жарандары Хубэй провинциясынан болбосо, 3 күнгө чейин көзөмөлгө алынып, байкоо жүргүзүлөт. Эгерде, Хубэйден болсо 14 күн карантинге алабыз. 

Атайын изилдөөлөрдү өткөрүүгө Улуттук вирусологиялык лаборатория даярдалган. Ал эл аралык стандарттарга дал келип, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан аккредитациядан өткөн. Улуттук вирусологиялык лабораториянын бардык медициналык кызматкерлери окутуудан өтүшкөн жана ишинде эл аралык стандарттарды карманышат. Бизде изилдөөлөр үчүн зарыл болгон нерселердин баары бар. 

Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү жайлары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат, профилактикалык зарыл чаралар кабыл алынган. 

Карантиндик пункттар жарандарды кабыл алууга даяр, зарыл болгон керек-жарагы менен байкоо жүргүзүүчү убактылуу имараттар камдалган. 

Мындан тышкары билим берүү мекемелеринде, мектептерде, бала бакчаларда, лицейлерде жана жогорку окуу жайларында, социалдык мекемелерде вирустук инфекциялардын, анын ичинде коронавирустун алдын алуу боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. 

Ошондой эле жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу пункттарында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  тарабынан 313 орун даярдалган: «Торугарт» өткөрүү пункттунда – 100 орун, «Иркештам» - 100 орун, «Манас» эл аралык аэропортунда – 83, Ош шаарындагы аэропортто – 30 керебет. Зарыл болгон шартта бул орундар дагы көбөйтүлөтмөкчү.

- Азыркы убакта элди тынчсыздандырып жаткан маселе бул медициналык бет каптар, дары-дармектер болууда. Алып сатарлар аркылуу алардын баасы кескин өсүүдө?

- Кытайдагы коронавирустук инфекциянын чыгышына байланышкан  акыркы окуяларга байланыштуу өлкөбүздө аба аркылуу жугуучу инфекциялардын жайылышына тоскоол болуучу медициналык бет каптар, дары-дармектер жетиштүү деп айта алам. 

2020-жылдын 28-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаменти (МТжДКД) республиканын дарыканаларында жана дарыкана кампаларында бир жолу колдонулуучу бет каптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын санын тактоо максатында ири дүң фармацевтикалык фирмалардын жана дарыканалар тармагынын өкүлдөрү менен чукул кеңешме өткөрүлгөн. 

Анын жыйынтыгында МТжДКД өлкөдөгү бардык ири фармацевтикалык компанияларды медициналык бет каптардын жана вируска каршы дары каражаттарынын наркын жогорулатпоого, ошондой эле экспорттобоого эскертүү берилген. Бет каптарды дарыканаларда бир адамга 20дан ашык сатпоо чечими кабыл алынган. Медициналык техника жана дары-дармек менен камсыздоо департаментинин маалыматына ылайык дарыканаларда   бир жолу колдонулуучу бет каптар жана вируска каршы дары каражаттары жетишээрлик санда бар.

- Учурдагы кырдаалда КЭРдин КРдагы элчилиги менен кандайдыр бир кызматташуу алакалары барбы?

- Албетте, бар. Үстүбүздөгү жылдын 23-январында КРдин Саламаттык сактоо министрлигинде министр Космосбек Чолпонбаевдин Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси  Ду Дэвэнь айым  менен жолугушуусу болуп өткөн.

Жолугушууда Кытай Эл Республикасындагы коронавируска байланышкан кырдаал талкууланды. Кытай элчиси Ду Дэвень айым өз өлкөсүндөгү кырдаал боюнча, тактап айтканда Ухань шаарынын Хубей провинциясындагы 2019-жылдын декабрь айынын аяк ченинде катталган коронавирустун  белгисиз түрүнөн келип чыккан пневмония оорусунун чыгышы тууралуу расмий жана толук маалымат берүү маанилүү экендиги баса белгилеген.

Элчинин маалыматына ылайык, 2020-жылдын 22-январында КЭР Өкмөтү расмий пресс-конференция өткөрүп, анда саламаттык сактоо маселелери боюнча Улуттук комиссиясы аталган оору менен күрөшүү жана алдын-алуу боюнча  отчет беришкен.

Кытай Өкмөтү  оору менен күрөшүү үчүн Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жана коңшу мамлекеттер байланыштарды активдүү колдоого алып, вирустун таралышын алдын-алуу үчүн жогорку чараларды киргизип жаткандыгы дагы айтылган. 

Мына, ошол мезгилден бери Кытай тарап менен бул жаатта тыгыз кызматташып келүүдөбүз. Элчилик дагы өз жарандары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Кыргызстанга келген КЭР жарандары бардык текшерүүдөн өтүшүүдө. Бардык талаптарды так аткарышууда. 

- Коронавируска каршы Кытай Эл Республикасынын жүргүзүп жаткан ишине кандай баа бересиз?

- Кытай Эл Республикасынын бийлиги коронавирус менен күрөшүүдө эпидемияга каршы талап кылынган бардык эл аралык эрежелерди так аткарды. Инфекция чыккан мезгилден бери профессионалдуу деңгээлде иштерди аткарып, зарыл болгон бардык чараларды көрүшүүдө. Мына, ушундай ыкчам иш алып баруунун негизинде, аталган илдетти локализациялоого мүмкүн болду. Дагы да болсо, вирус менен күрөшүү иштери улантылып жатат. Аны менен эффективдүү күрөшүү жолдору изилденип, убакыт өткөн сайын жаңы ыкмалары ишке киргизилүүдө. 

Биз коронавирус инфекциясынан тез арылуу максатында Кытай тарап менен өз ара тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз. Кытай Эл Республикасынын бийлиги вирустун жайылышын токтотуу жана анын кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларды активдүү жүргүзүп жаткандыгын көрүүгө болот.

COVID-2019дан коргонуу жана сактануу жолдору

Кытайдан келген жана туруктуу же убактылуу жашаган жери боюнча медициналык кароодон өтүп жаткан жарандарга кеңеш:

1. Бөлмөнү жакшылап желдетип туруу;

2. Зыяратка келген адамдар менен жолугушууну убактылуу чектөө;

3. Үй-бүлө мүчөлөрү келген адам менен тыгыз байланышта болбоо;

4. Бөлмөнүн ичиндеги кыймылды чектөө, жалпы колдонулуучу бөлмөлөрдү (ашкана, жуунучу бөлмө) желдетип туруу, айнектерин ачып коюу сунушталат;

5. Өздүк гигиенаны сактоо.

Адистер тарабынан сунушталган вирустун алдын алуу чаралары:

1. Колду самындап бат-бат жууп туруу же спирт менен сүртүү;

2. Жөтөлгөндө же чүчкүргөндө оозду, мурунду чыканак менен же бир жолу колдонулуучу кагаз бет аарчы менен жабуу;

3. Сасык тумоо же курч респиратордук инфекциялардын белгилери байкалган адамдардан алыс болуу;

4. Эт жана жумуртканы жакшылап бышырып колдонуу;

5. Жаратылыштагы жапайы жаныбарлар жана канаттууларга жакындабаш керек;

6. Эгерде дене табыңыз көтөрүлүп, жөтөлүп, дем алууңуз кыйындаса, тезинен медициналык жардам алууга кайрылыӊыз.

Курчап турган чөйрөдө вирус туруксуз – 3 саатка жакын гана жашай алат (бокс врезка)

COVID-2019 вирусунун кандайдыр бир буюмдун үстүндө жашап кетүүсүнүн узактыгы аныктала элек,  бирок алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, ал бир нече саат жашай алаары айтылууда.  Вирусту же анын адамдарга жугуу мүмкүнчүлүгүн инфекцияларга каршы каражаттардын жардамы менен жок кылууга мүмкүн.

Курчап турган чөйрөдө вирус туруксуз – 3 саатка жакын гана жашай алат, аэрозолдук (түтүн, туман сыяктуу)  абалда – 8-10 саатка жана көлмөлөрдө – 9 суткага чейин сакталат.  Тоңдурулган бойдон вакуумда кургатылган (лиофилизилдешкен) абалда (+4°С) жана тоңдурулган абалда (-70°С) инфекциялык активдүүлүгүн бир нече жылга чейин сактайт.  Ысыкка сезимтал келип, 56°С  жогору температурада дароо өлөт жана 37°С жогору температурада 15 мүнөттүн ичинде өлөт.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)