WeChat      Избранное

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык би

03/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык би

Сүрөт интернеттен алынды.

3-февраль күнү КР президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, президенттер эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулап, жакынкы келечекке карай пландарды белгилешти.

Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык билдирди.

Кыргыз тараптын кайрылуусу боюнча Кыргыз жарандары Ухань шаарынан Нур-Султан шаарына Казакстан тараптын жардамы менен жеткирилип, андан ары аларды мекенине Бишкек шаарынан барган атайын учак жеткирди.

Эске сала кетсек, 2-февралда Кыргызстанга Кытайдын Ухань шаарынан 18 студент алып келингендигин Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкан. Алар аэропорттон тиешелүү текшерүүдөн өтүп, учурда алар Бишкектин чет жакасындагы ооруканада алар үчүн атайын каралган бөлүмүнө жаткырылган. Студенттердин эки аптадай карантинде кармалаары айтылган. 

Азыркы тапта, алар менен азырынча байланышта медицина кызматкерлери гана болуп, кооптонууга эч кандай себеп жок экендиги дагы белгилүү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)