WeChat      Избранное

2020-жылдын 10-февралына карата коронавирустун тастыкталган учуру жок

11/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 10-февралына карата коронавирустун тастыкталган учуру жок

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкө аймагында 2020-жылдын 10-февралына карата коронавирустун тастыкталган учуру жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Коронавирустук инфекциянын өлкө аймагына киришинин жана жайылуусунун алдын алуу боюнча республикалык штаб зарыл болгон чаранын баарын көрүүдө.

Белгилүү болгондой, эпидемиологиялык абалы начар өлкөдөн келген ар бир жаран термометриялык текшерүүдөн өтүшөт жана дем алуу жолдорунан алынган анализдерди беришет. Мунун баары ДССУнун сунуштамасына ылайык Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан иштелип чыккан иш аракеттердин алгоритмине жараша жүргүзүлөт.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун адистери ар кандай вирустардан коргонуу жана тамак-аш коопсуздугун камсыздоо чараларын сунуштайт:

· Колду бат-баттан спирт кошулмасы бар каражаттар менен тазалап жана самындап жууп туруу керек;

· Коомдук жайларда аралыкты сактоо – адамдардан жок дегенде 1 метр аралыкта кармангыла, өзгөчө жөтүп, мурду бүтүп жана дене табы көтөрүлгөн болсо;

· Колдон келишинче оозду, мурунду, көздү кармалабагыла

· Дене тап көтөрүлсө, жөтөлүү пайда болуп, дем алуу кыйындаса тезинен дарыгерге кайрылыныз. Эгер сиз Кытайдын 2019-nCoV катталган аймактарында болгон босоңуз же Кытайга барып келгенден кийин сасык тумоо белгилери байкалган адамдар менен байланышта болсоңуз, дарыгерге бул жөнүндө сөзсүз билдириңиз;

· Эгерде сизде дем алуу органдарынын сезгениши байкалса, жана сиз Кытайга барбаган болсоңуз, өздүк гигиенаны, колдун гигиенасын сактап, айыкканча мүмкүн болушунча үйдөн чыкпаңыз;

· Жаныбар тектүү азыктарды чийки же чала бышырылган абалда колдонбогула. Жер-жемиштерди колдоноордун алдынта жууп, ал эми

эт ,жумуртка азыктарын жакшылап бышырып ана жегиле, ошондой эле сөзсүз түрдө пастерилденген сүт азыктарын колдонгула.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасындагы бардык көзөмөл-өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда, зарыл болгон бардык профилактикалык чаралар көрүлүүдө. Карантиндик аймактар жарандарды кабыл алууга даяр, керектүү болгон жабдуулар менен жабдылган убактылуу обсервациялык жайлар уюштурулган. Бет каптар, индивидуалдык коргонуу каражаттары жана респираторлор жетишээрлик өлчөмдө бар.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)