Сүрөт интернеттен алынды
Кытайда окуган кыргыз студенттери Казакстан аркылуу Бишкекке келишти. Бул тууралуу Чек ара кызматынын Коом жана ММК менен байланышуу бөлүмү кабарлады.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 13-февралда Пекин-Алматы аба каттамы менен Кыргызстандын 40 студенти Алматы шаарына учуп келишти. Андан соң алар атайын жиберилген автобустар менен “Акжол-автожол” көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келишти. Тепловизор аркылуу текшерүүдөн соң уландар жана кыздар чек ара контролунан өтүштү.
Текшерүүдөн өткөн бардык студенттердин ден соолугу канааттандырарлык. Алар Саламаттык сактоо министрлигинде бекитилген иш-аракеттер жадыбалына ылайык, карантиндик зонада медициналык кароого жиберилди.
Бул кыргызстандык студенттер Үрүмчү шаарында болушкан. Алар Кытай менен чек ара жабылып, аба каттамдары токтотулгандыгына байланыштуу мурдараак сатылып алынган билеттер менен мекенине кете албай калышкан.
последние
Рекомендация
- 1Кыргызстанцы считают, что Китай сможет преодолеть эпидемию
- 2Камчыбек Ташиев поддержал идею премьера помочь Китаю в борьбе с коронавирусом
- 3Коронавирус буюм аркылуу жукпайт
- 4Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз жарандарын Кытайдын Ухань шаарынан Бишкек шаарына алып келүүдөгү көрсөткөн көмөгү үчүн Касым-Жомарт Токаевге ыраазычылык би
- 5Интервью газете